РФ чалгыны: АКШ Зеленскийге альтернатива издөөнү күчөтүүдө

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Зеленскийге "согушту каржылоо схемалары" байлангандыктан америкалыктар менен европалыктар анын ордунда калышын каалай турганы жазылган.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШда Владимир Зеленскийге альтернатива издөө күч алды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Украинанын азыркы президентинин ордуна Европа тилектештиги партиясынын лидери Порошенко, Киевдин мэри Кличко, Куралдуу күчтөрдүн мурдагы башкы командачысы Залужный, Раданын экс-спикери Разумков каралууда.
"Фронтто абал оорлошуп, лидерди алмаштыруу зарылдыгы жаралса күнөөнү Зеленскийге арта салып, аталгандардын бирин тандап алууга мүмкүн болот. Эң башкысы — украиналыктар Батыш саясатынан көңүлү калбашы керек, ошого жеткирбөө кажет", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Зеленский 20-майдан кийин президент катары легитимдүү болбой калары, бирок ага Киев режимине жана Батыштагы курал өндүрүүчүлөргө пайдалуу "согушту каржылоо схемалары" байлангандыктан америкалыктар жана европалыктар анын ордунда калышын каалай турганы жазылган.
Мындан тышкары, АКШ администрациясы үчүн Украинаны ким башкарса да Россия менен куралдуу кагылышты улантышы маанилүү экени кошумчаланган.
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессте АКШ аскерин Украинага кандай жагдайда киргизери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0