Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Конгрессте АКШ аскерин Украинага кандай жагдайда киргизери айтылды

© Photo / U.S. Army / Spc. Ryan LucasАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
РФ лидери Украинага европалык контингенттин киргизилиши согуш талаасында эч нерсени өзгөртпөй турганын, мындан Киев гана жабыркаарын эскерткен.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Украина жеңилүүгө дуушар боло турган болсо АКШ жаңжалга аскери менен кийлигишүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу америкалык Конгресстин Өкүлдөр палатасынын демократиялык азчылыгынын лидери Хаким Жеффрис CBS News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
"Украинанын жеңилүүсүнө жол бере албайбыз, эгер болбой баратса Америка акчасы менен эле эмес, аскери менен жаңжалга аралашууга мажбур болот", — деди ал.
Саясатчынын айтымында, АКШнын Республикалык партиясында Украинаны колдоодон баш тартып, ошондой эле "эмнегедир Россия АКШнын душманы эмес" деп эсептеген фракция күчтөнүүдө. Жеффрис мындай позициянын көрүнүктүү тарапкери республикачы Марджори Тейлор Грин экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Франция президенти Эммануэль Макрон The Economist менен маектешип жатып, эгер Россия фронттун линиясынан өтүп, Киевден өтүнүч түшсө Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирген. Анын сөзү боюнча, бул маселеде Парижди "ЕБдин көп мамлекети колдоодо".
Кийинчерээк Кремль Макрондун айткандары көңүл сыртында калбай турганын кабарлаган. Москва Украина боюнча Парижде өткөн иш-чарага катышкан мамлекеттердин басымдуу бөлүгү "мындай кадамдын кесепетин жакшы түшүнөрүн", "бул алардын кызыкчылыгына карама-каршы келерин" айткан.
Эскерте кетсек, РФ президенти Владимир Путин Дмитрий Киселевго берген маегинде Макрондун антироссиялык сөзүнө комментарий берип жатып, Украинага европалык контингенттин киргизилиши согуш талаасында эч нерсени өзгөртө албай турганын, мындан Киев гана жабыркаарын эскерткен. Макрондун Украинаны колдоодо эч кандай кызыл чеги жок экенин айткан сөзүнө Путин ушундай позицияны карманган мамлекеттерге карата Россиянын да эч кандай чеги болбой турганын кошумчалаган.
Украин аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар Киевге берилчү жардамдын кечиктирилишинин кесепети тууралуу жазышты
Жаңылыктар түрмөгү
0