Боомдо беш күн таш кулатылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБоомдо таш кулатуу. Архивдик сүрөт
Боомдо таш кулатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Автомобиль жана поезддин коопсуздугун камсыздоо максатында таш түшүрүү пландалууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Боом капчыгайында беш күн таш кулатылып, унаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара автомобиль жана поезддин коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
"22-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт. Иш Боом капчыгайында саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланат. Бул учурда унаалар бир тилке менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранды.
Жүргүнчүлөр автовокзалда автобуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болду
Жаңылыктар түрмөгү
0