Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр автовокзалда автобуска отуруп жатышат. Архив
Жүргүнчүлөр автовокзалда автобуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болгону Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылды.
Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо.
Кыргызстанда январь-февраль айларында жүргүнчү ташуу жаатында өсүү байкалып, 11,2 пайызды түзгөн. Экинчи орунда 10,6 пайыз менен Россия турат. Жалпы жонунан уюмда бул көрсөткүч 10 пайызга жогорулаган.
Ал эми жүк ташуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө 0,9 пайызга көбөйдү. Мындан Кыргызстан 8,8 пайыз менен биринчи орунда, 1,6 пайыз өсүш менен Беларусь экинчи сапты ээлеген.
Алтын кен комбинатынын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 6,6%га өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0