Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо алышты

© Photo / United World Wrestling / Amirreza AliasgariЭрназар Акматалиев
Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Эми Кыргызстандын куржунунда жети лицензия бар.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев Париж Олимпиадасына жолдомо утушту.
© Photo / United World Wrestling / Kadir CaliskanЭркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу
Кыргызстанский борец вольного стиля Бекзат Алмаз уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык турнир өтүп жатат. Бекзат Алмаз уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешип, алгач палестиналык, андан кийин кытайлык атаандаштарын жеңген.
Жарым финалда монголиялык балбан менен кез келип, мелдештин акыркы 20 секундунда жеңишти "сууруп" алды.
Ал эми Эрназар Акматалиев ирактык атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп, андан кийин монголиялык балбанга туш болгон. Соңунда түндүк кореялык спортчуну утуп, жолдомого ээ болду.
Белгилей кетсек, бул — күрөштүн эркин түрү боюнча алынган алгачкы жолдомолор. Ушуну менен Кыргызстандын куржунунуда жети лицензия бар. Буга чейин эл аралык ири мелдешке катышуу укугуна балбандар: Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов ээ болгон.
Үч ирет Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0