Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

© Photo / United World Wrestling / Kostadin AndonovҮч ирет Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт
Үч ирет Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Спортчу килем бетинде 60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жоламан Шаршенбеков япониялык Каито Инабаны 11:0 эсеби менен утуп үчүнчү жолу Азия чемпиону болду.
Аталган турнир Бишкек шаарында өтүп жатат.
Спортчу килем бетинде 60 килограмм салмакта күрөшүп, финалга чейин индонезиялык, өзбекстандык, ирандык балбандарды уткан.
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин эки жолу континенттин биринчилигин багындырган.
Балбан Акжол Махмудов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Акжол Махмудов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту
Жаңылыктар түрмөгү
0