Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Айыпталуучуларга соттун өкүмү чыкты

© AFP / NOEL CELISКишенчен адамдар. Архив
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Жабырлануучулардын пайдасына айыпталуучулардан материалдык жана моралдык чыгым да өндүрүлдү.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту "Золотые пески" пансионатында адам өлтүргөн деп айыпталган төрт адамга карата өкүм чыгарды.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын август айында социалдык тармактарда "Золотые пески" пансионатынын пляжында мушташтан 23 жаштагы жигит каза болгон деген билдирүү тараган. Милиция анын талма оорусу кармап калганын билдирген. Бирок маркумдун достору анын талма оорусу жоктугун айтышып, акыйкат иликтөөнү талап кылышкан. Тергөө иштерин президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алгандан кийин милиция төрт шектүүнү кармаган.
Облустук соттун маалыматына караганда, колго түшкөн төрт шектүүнүн ар бири (Ж. Р. К, Б. Б. Т, Э. А. К. жана А.У.А) 15 жылга эркинен ажыратылды.
Соттун өкүмү менен бардык айыпталуучулардан 180 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым өндүрүлгөн. Мындан тышкары, алардын ар бири маркумдун жакындарына 250 миң сомдон моралдык чыгымды төлөп бериши керек.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Ысык-Көл милициясы сөөк ашканада 9 күн жаткан кылмыш боюнча тактоо киргизди
Жаңылыктар түрмөгү
0