Көнгөн адат калабы? Улуу Британиянын Борбор Азиядагы максатына сереп

© AP Photo / Kirsty WigglesworthУлуу Британия желеги. Архивдик сүрөт
Улуу Британия желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Башка мамлекеттин ички ишине кийлигишип жедеп көнүп калган адаты Улуу Британияны эл аралык саясий процесстерде кооптуулугун арттырып келет. Аталган өлкөнүн Борбор Азияга "кайткан" себеби биздин колумнисттин талдоосунда.

Британиялык көз караш

Британ парламентинин Общиналар палатасынын тышкы иштер боюнча комитети Борбор Азия чөлкөмүндө дипломатиялык активдүүлүгүн жогорулатып жаткан 2023-жылдын октябрында "Кесилиште турган өлкөлөр: Улуу Британиянын Борбор Азиядагы аракети" аталышындагы докладын чыгарган. Анда региондогу беш мамлекет менен кызматташууну кантип жандантуу керектиги боюнча так сунуштамалар камтылган болчу. Башкача айтканда, "БА плюс Улуу Британия" форматындагы байланыш учурдун талабы делген. Ага чейин бул өлкө менен эч бир байланыш жок болчу деп да айтууга болбойт, болгону англиялыктар алака керектүү деңгээлде эмес деп чечишкен окшойт. Мындан улам докладды даярдоо үчүн эксперттердин, расмий тараптардын катышуусу менен атайын "иликтөө" жүргүзүп, регионго иш сапарларды уюштуруу зарылдыгы жаралган сыяктуу. Ал эми докладдын жазылган ыкмасын, чыккан жыйынтыгын карасак, комитет региондун геосаясий өзгөчөлүгүнө да карабай ийгиликке жетерине күмөн санаган эмес.
Анткен менен иликтөө тыкыр жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз каржылоо менен адам укугунан баштап экология, билим берүү, жаштар, жумшак күчкө чейинки маселелер эске алынган. Ошентсе да Батыштын Борбор Азия жөнүндө өз аудиториясы үчүн жазган көп документинин бири катары кабыл алууга да болот. Мындан улам докладда биздин маалыматтык мейкиндик үчүн анчалык ылайык келе бербеген түшүндүрмөлөр көп. Мисалы, "БА мамлекеттери "постсоветтик өлкөлөр", "жаңы чоң оюн", "Россия менен Кытайдын куйругу" сыяктуу стереотиптердин курмандыгы болуп калышкан", же болбосо "региондогу мамлекеттер Россиянын таасиринен чыгуу үчүн көп векторлуу саясат жүргүзүп жатышат", Украинадагы атайын операция "БА мамлекеттеринин Россияга коопсуздуктун кепили катары ишеними жоголду" деген аныктамалар айтылат.
Жалпысынан алып караганда докладдын авторлору Англиянын билим берүү, жарандык коом, адам укугун коргоо жаатындагы тажрыйбасы БА мамлекеттерине "россиялык таасирден чыгууга" жардам берип, "россиялык маалымат агымына каршы турууга" өбөлгө болот деген пикирде. Эгер "БА плюс Улуу Британия" платформасынын өзөгү ушундай аныктамалардан турса, анда британиялыктар чындап эле региондо "ойной албайт".
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Борбор Азияда советтик өтмүштү жокко чыгарууга ким кызыкдар? Ой толгоо

Борбор азиялык ракурс

БА менен Улуу Британиянын азыркы мамилеси укмуш деп айтууга болбойт. Адатта эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды тандап түзүп келишкени менен британиялыктардын ресурска бай региондо, өзгөчө мунай, газ тармагында кызыкчылыгы дайым боло келген. Тил үйрөнүү, маданият, билим берүү жаатындагы гуманитардык кызматташуу да өнүгүп, кайсы бир деңгээлде баалуу-барктуу деп эсептелген.
Постсоветтик мейкиндикте капитал жыйноонун жапайы мезгили да Британиясыз өткөн жок: совет учурунда салынган ишканаларды сатуудан түшкөн киреше, чыгарылып кеткен ресурс жана баалуу металлдардын баары Лондон банктарына "көчүп" же кыймылсыз мүлккө салынган эле. Бул көз караштан алып караганда Улуу Британия менен БА мамлекеттериндеги айрым бир топтордун мамилеси бир топ эле жылуу болчу, бирок мыйзамдын сакталышына келгенде суроо көп жаралып келген. Анткен менен мындай жагдай эч бир тарапты түйшөлткөн эмес.
БА өлкөлөрүнүн өздөрүндө Улуу Британияга мамиле жалпы жонунан ырас эле. Ошентсе да Британиядан чыккан демилгелерге эмоцияны таштап акыл менен ойлонуп жооп берүү зарыл. Буга да негиз бар.

Биринчи жолу эмес

Улуу Британия Борбор Азияга чоочун эмес, 1918-жылдан тарта совет бийлигине каршы согушкан террорчулар менен экстремисттердин куралдуу топторун колдоп берген "Британиянын Түркстандагы аскердик миссиясы" унутула элек. Британиялыктар советтерден көз карандысыз Түркстан демократиялык республикасын түзүүгө катуу аракет кылышкан, албетте, аны Англия көзөмөлдөмөк. Ал учурда Афганстан Улуу Британиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыгын ишке ашыруучу башкы плацдарм катары колдонулуп келген эле. Башка убактарда Улуу Британия Россиянын Түндүк Кавказынан тарта Борбор Азия менен Кытайдын Уйгур-Синьцзян автономдуу округуна чейин жүргөн террордук жана экстремисттик уюмдарды колдоп, жардам берип келген. Бүгүнкү күндө деле Лондондун колдоосуна ээ болгон украин режими россиялык шаарлардын эл жашаган кварталдарын аткылап жатат. Бул өз кезегинде Англияны кайрадан терактылардын катышуучусуна айлантып келет.
Ишти үзгүлтүккө учуратуу, башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүү, Африкадан баштап Жакынкы жана Орто Чыгыштагы мамлекеттик төңкөрүш жаатындагы кылымдап чогулткан тажрыйбасы Улуу Британияны дүйнөлүк саясий процесстердин кооптуу тарабына айлантат. Бекеринен "канкор Альбион" деп аталбаса керек, британиялыктардын керт башынын кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй элдерди садага чаап жиберген учурлары аз эмес.
Эми Улуу Британия "БА+" форматында регионго келүү ниетинде, анын саясатын жамааттык Батыштын саясатынан бөлүп кароонун кажети жок, себеби Лондон бул жакта башкы ролду ойнойт. Евробиримдиктин курамынан чыккандан кийин өлкөнүн глобалдуу тышкы саясатынын келечегин аныктаган "Глобалдуу Британия" стратегиясы кабыл алынган. Аны менен өлкө өзүнүн кожоюну АКШ, ошондой эле ЕБ, Британ шериктештигинин өлкөлөрү сыяктуу тилектештеринин колдоосунда "дүйнө жүзүндөгү тынчтык", "эркин соода жана эл аралык коопсуздук" тууралуу ойлонмокчу. Бул стратегиядан айрымдар мурунку глобалдуу үстөмдүктү кайтаруу ниетин көрүшү ыктымал, бирок өлкөнүн экономикасын, саясатын, куралдуу күчтөрүндөгү абалын карап туруп империянын кайра жаралуусу тууралуу айтуу орунсуз экенине ынанасың. "БА плюс Улуу Британия" платформасы Лондондун бул кыялын орундатууга жардамчы боло алары күмөн. Демек, Англиянын Борбор Азияда реалдуу кызыкчылыгы кандай деген чоң суроо жаралат.
Европа Биримдигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Украиналык ыкма. Батыш Борбор Азияга кантип жик салууда

Стратегиялык кадамдар

Батыштын бардык мамлекеттериндей эле Лондон да Борбор Азия менен Россиянын байланышын үзүү зарылдыгын жашырбайт. Ошону менен бирге эле регион Батыштын эки жылдан берки аракетине карабай ушу кезге чейин Россия үчүн туруктуу, достук маанайдагы мейкиндик болуп келе жатканын белгилеп келет. Албетте, азыр британиялыктар региондогу өлкөлөрдү Россия менен мындан аркы кызматташуу экономикага терс таасир тийгизип, Батыштагы өнөктөштөр менен биргеликте Россия, керек болсо Кытай менен да болгон алакага акырындап альтернатива табылат дегенге ишендирүүгө жан үрөйт.
Докладды даярдаган комитетте БА мамлекеттериндеги тоталитардык өкмөттөр жана күчтүү жарандык коомдун жоктугу "региондогу коопсуздук менен тынчтыкка чоң коркунуч келтирери" жазылып, өз өкмөтүнө аталган беш өлкөгө адам укугун коргоого жардам берүү жаатында ишти күчөтүү сунушталган. Мында тоскоолдук катары Россия эле эмес, ушу кезге чейин кеңири колдонулуп жаткан орус тили да белгиленген. Англиялыктар орус тилин билим берүүдө четтетүүнү өз саясатынын бир багыты катары көрөт, мындан сырткары, англис тилине артыкчылык бериле турган демилгелерди колдоого чакырат. Ал эми СССРди унута элек улуу муунду "Россиянын Украина тууралуу жалган маалыматын" жайылтууда, бул өз кезегинде "этникалык орустар көп жашаган жерде" суверенитетке кооптуулук жаратат деп айыптап келет. Көрүнүп тургандай, британиялыктарга региондогу өкмөттөр, улуттар аралык тынчтыктын өкүм сүрүшү, туруктуулук, ошондой эле кош тилдүүлүк, орус тилинин пайдаланылышы, БА элдери менен кошо түзүлгөн маданияты тоскоолдук жаратып жаткандай. Украинанын кулагы көрүнүп жаткан жокпу?

Тайыз платформа

Албетте, жогорудагы докладда камтылгандар расмий жолугушууларда, дипломатиялык документтерде айтылбайт. Мунун баары тынчтык менен туруктуулукка умтулуу, аймактык бүтүндүктү сактоо жөнүндөгү кооз сөздүн, жылуу-жумшак далы таптаган сизиң-бизиңдин артында калат.
"Борбор Азия плюс Улуу Британия" саммити качан өтөрү азырынча белгисиз, иш-чара бир катар дипломатиялык сапарлар, консультациялардан кийин болушу ыктымал. Бир гана нерсе дайын — Британия Борбор Азияга көнгөн адатынча жик салуу үчүн кайтууда. Региондун Россия менен тыгыз кызматташуусун, жылуу мамилесин эске алсак, муну ишке ашыруу кыйла оор болору белгилүү. Ошол эле учурда "БА плюс" форматы глобалдуу британиялык стратегиялар боюнча куру кыялга да биротоло чекит коюшу мүмкүн эмеспи.
Европа биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррель. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Боррель Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Европа бизге керекпи?
Жаңылыктар түрмөгү
0