Боррель Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Европа бизге керекпи?

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDЕвропа биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррель. Архивдик сүрөт
Европа биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррель. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Борбор Азиянын алыскы аймактарынан Европага дейре 15 күндүн ичинде товар жеткирүүчү коридор түзүү боюнча Европа биримдигинин аракеттери реалдуубу? Sputnik колумнисти ушул соболдун айланасында акыл калчаган.
Европа биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук байланыш боюнча айдын аягында өткөн инвестициялык форумда Брюссель чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн кабыл алды. Иш-чара Транскаспий транспорттук коридору боюнча так бир макулдашууга жетүү үчүн уюштурулган. Планга ылайык, ал акыры Европа менен Борбор Азияны соңку убакта актуалдуулугу артып бараткан соода-экономикалык, энергетикалык жана башка байланыштарды камтыган бир маршрут менен туташтырууга тийиш.
Эки жыл мурун Евробиримдик өзү Россия менен болгон энергетикалык жана соода-экономикалык байланыштарын, мындан улам РФтин аймагы аркылуу өткөн Борбор Азия менен транзиттик жолдорун да үзгөндөн кийин аталган маршруттун мааниси алда канча арта түштү.
Эми Европа биримдиги үчүн таптакыр пайдасыз ошол саясаттын кесепетин европалык салык төлөөчүлөр тартканы турат. ЕБдин башкы дипломаты Жозеп Боррель башында турган "европалык геосаясий ынтызарлар жамаатынын транспорттук-энергетикалык долбоорлоруна" канча каражат сарпталарынан азырынча алардын кабары жок. Европалык саясатчылар кыска убакыт аралыгында Борбор Азиянын географиялык ыраактыгын жеңе аларына дале ынанып туру.

Кызык кеп

Форумда Боррель дипломатияга эч коошпогон адатынча төрт жыл мурун кызматына киришкен кезде "Борбор Азия элетте эле" деп балп эттирип, азыр чөлкөм "бардык окуялардын чордонунда", Европа менен Азиянын ортосундагы негизги ролду ойноп жатканын айтты.
Товарлар Россияга Батыштын санкцияларынан буйтап Борбор Азия аркылуу өтпөшү керек. Чөлкөмдөгү өнөктөштөрүнөн Боррель түз эле дал ушуну өтүндү. Борбор Азия менен жаңы транспорттук байланыштарды талкуулоо менен Батыш Россияга каршы санкциялардын 13-топтомун даярдоодо. Анткен менен Боррель буга чейинки чектөө чараларынын баары өздөрү эңсеген жыйынтыкты алып келбегенине да кейиди.
Ошентсе да форумда "Борбор Азия менен туруктуу транспорттук байланышка 10 миллиард евро милдеттүү түрдө салуу" тууралуу айтылып, бирок кийин негедир бул максатка Европа инвестициялык банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу болгону 2,97 миллиард евро бөлүү мүмкүнчүлүгү бар экени жарыяланды.
Бул маршруттун узундугу 11 миң чакырымды түзөрүн, Европа биримдигинин планында аны басып өтүү 15 суткадан ашпоого тийиш экенин да белгилей кетели. Албетте, кандай гана долбоор болбосун күчтүү да, чабал да жактары бар. Аларды алдыда дагы талдап чыгуу абзел. Бирок булардан да маанилүү соболдор чыкпай койбойт: чындыгында европалыктардын эңсегени эмне? Чөлкөмгө эмне сунуштай алышат? Дегеле бул долбоор Борбор Азияга пайдалуубу?
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири

Жыйынтыктын чети да көрүнө электе...

Европалыктар эч тартынбастан эле форумдун жыйынтыгы туурасында кооздоп, көркөмдөө менен маалымдоодо. Атап айтканда, жакынкы айлар ичинде азыркы Транскаспий транспорттук түйүндөрүн пайдалануу боолголонгон Чөлкөмдүн өнүгүү программасы башталып, андан соң улук кеңешчилер деңгээлинде пландалган коридордун өнүгүшүнө мониторинг жүргүзө турган координациялык аянтча ишке кирери белгиленет.
Ал эми 2025-жылы азыр иштеп турган түйүндөрдү жакшыртып, болочок транспорттук долбоорлорго техникалык жардам көрсөтүүчү Чөлкөмдүк транспорттук программа иштей баштайт экен.
Форумдун жүрүшүн чагылдырган европалык маалымат каражаттары "Европа менен Борбор Азияны жакындатууга чечкиндүү кадам жасалганын" маалымдоого ашыгышты. "Европа биримдиги менен Борбор Азиянын ымаласы мурда болуп көрбөгөндөй жылыды", ЕБ менен Борбор Азия мамлекеттеринин алгачкы формалдуу саммити пландалган 2024-жылдын апрели "жакындашууга жалпы умтулуунун" жеткен чеги болорун да бир топ тармактарда көптү үмүттөндүргөн жетишкендиктер күтүлүп жатканын ишарат кылуу менен белгилешти. Анткен менен иш жүзүндө жагдай анчалык укмуш эмес.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн форумга транспорт министрлери, ал эми Түркмөнстандын Транспорт агенттигинин башчысынын орун басары катышты. Алардан сырткары, Азербайжан, Армения, Грузия жана Түркиянын өкүлдөрү да эбегейсиз европалык пландарды талкуулоого катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Белгилүү болгондой, Кавказ, Кара деңиз жана Түркиянын аймагы бул маршрутта Европага дарбаза эмеспи.
Катышуучулардын баары транспорттук, соода жана экономикалык жолдорду өнүктүрүү пландарын кубаттаганы айдан ачык. Анткени жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турган мындай шарттардан эч бир мамлекет баш тартпайт. Бирок чөлкөмдүн өз өзгөчөлүктөрү да бар, айрыкча Россия менен тыгыз кызматташтыгын эске алганда Борбор Азия жана Түштүк Кавказ мамлекеттери ушул тапта көбүнесе күтүү позициясын карманып, европалык саясатчылар менен журналисттердин "Европа биримдиги менен чөлкөмдүн жакындыгы туурасындагы" ашкере жар салынган кептерди этияттык менен баалап жаткан чагы.

Саясат экономикадан жогору коюлуп...

Аталган эл аралык иш-чарада Европа биримдигинин башкы дипломаты чөлкөмгө бөлүнүп жаткан инвестициялар саясий гана мүнөзгө ээ экенин, ЕБдин каржы салымдарынын экономикалык максаттуулугу чабал экенин моюнга алды.
Саясатка кеп кезеги келгенде, маселен, Кыргызстан аба каттамдарынын коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу үчүн коюлган талаптардын баарын эбак аткарганын бир эстеп койгонубуз оң. Ал тургай биз Эл аралык жарандык авиация уюмунун толук текшерүүсүнөн өттүк. Анткен менен алигүнчө бул жаатта оң кабар тыңдай элекпиз. Бул маселеде Европа биримдиги тарапта саясий өңүт барбы-жокпу, али айтыш кыйын.
Балким, Боррель Европа биримдигинин чөлкөмдөгү демилгелери жүзөгө ашырылып жаткан жалпы жагдайга кабатыр болуп жаткан чыгар, анткен менен алардан үмүтү чоң экенин белгиледи. Ошол эле учурда көйгөйлүү маселелерден да кеп учугун чубап, маселен, "Европа биримдиги түбөлүгүнөн түздүк көрө албай турган" Украинадагы кырдаалдан көңүлү калып турганын жашырган жок. Украиналык фронтто Брюссель маселелерди Борбор Азия аркылуу чечүүгө тырышып жатканы таң калтырат.
Украинадагы окуялар жаңыдан тутанган маалда европалык саясатчылар санкциялар Россияны тез эле чөгөлөтүп коеруна, энергетикалык каатчылыктан оңой чыгып кетишерине катуу ишенишкен. Ал эми азыр, эки жыл өткөн соң Россияны желкесинин чуңкурундай көргөн Европа биримдигиндеги өкүлдөр Украина менен Батыштын жеңишке жетеринен түңүлүп, мындан ары стратегиялык кырдаал начарлагандан начарлай берерин түшүнүштү. Борбор Азия мамлекеттерин Россияга каршы аракеттерге ачык эле үндөп, маңызында чагым жасоого тырышуу менен Европа биримдиги эч кимге кереги жок дагы бир чыңалуу жана жаңжал зонасын жаратчудай тобокелдикке барууда. Андай күнгө жеткиришсе салган каражатын талаага чачып, транспорттук маршрут да кура алышпайт.
Борбор Азияда Европа биримдиги өз активдүүлүгүн күчөтүү менен чөлкөмдүн өлкөлөрүндө орду жогорулап бараткандай түр көрсөтүп, Москваны европалык же башка багыттарда эпке келүүгө мажбурлоо үчүн Россия менен болгон процессте өз позициясын жогорулатууга далалат кылып жаткандай. Анткени жамааттык Батыш Украина боюнча сүйлөшүүгө даярданууга аргасыз экени айдан ачык.
Пландары кандай болбосун, Россия Евразияда Европа биримдигинин эрежелери боюнча аракет көрөрү күмөн. Борбор Азия мамлекеттери да "европалык транспорттук оюндарда" садага чабылгысы келбейт. Анын ордуна Евразиядагы азыркы жана жигердүү өнүгүп бара жаткан байланыштарга альтернатива катары жаңы багыттарды караштырары бышык. Европага жаңы багыттардын долбоору аймактагы өлкөлөрдүн көбүнүн бүйүрүн кызытып, аталган континентке товар транзитинен кошумча киреше көрүүдөн баш тартпай турганы шексиз. Ошол эле учурда Борбор Азия мамлекеттери баарын жыйыштырып коюп, бул жолдун курулушуна болгон күчүн жумшоого ниеттенишпейт.

Европа биримдигинин эрки жетпейби?

Ушул тапта Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй өстү. Муну менен гана чектелбестен, Россия өзү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр бири-бирине стратегиялык жана негизги өнөктөшкө айланып, бүтүндөй евразиялык континенттин соода-экономикалык жана энергетикалык байланыштарын бекемдеп койду.
Борбор Азия үчүн дал европалык багытта рыноктун зарылдыгы туурасында демилге барган сайын экономикалык маңызын жоготуп барат. Анткени азыр Чыгыш жана Түштүк багыттарда жаңы, кыйла келечектүү рыноктор ачылып, евразиялык мамлекеттердин улам өсүп бараткан керектөөсүн канааттандырган товарлар да пайда болууда. Европадагылар муну түшүнүп-түшүнбөгөнүн айтыш кыйын, бирок, кыязы, Европа биримдиги токтой албайт көрүнөт. Толугу менен АКШнын көзөмөлүндөгү европалык дипломатиянын башка аргасы да жок.
Газа тилкеси менен чек арасында позицияда турган израильдик аскер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Батыш глобалдык жаңжалды беттеп баратат. Бүлүк салууга эмне себеп?
Жаңылыктар түрмөгү
0