Кантта милициянын жаагын сындыра сабаган делип үч киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен. Иллюстративдик сүрөт
Кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кант шаарында милиция кызматкерин сабады делген шектүүлөр колго түшкөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, 14-апрель күнү саат 4:00дөр чамасында Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар бир адамды токмоктошкон.
Жабырлануучу жаагы сынып, ооруканага жаткырылган. Ал К.Р. аттуу 33 жаштагы Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсү экендиги аныкталган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Д.А. жана Э.У., 33 жаштагы И.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Бычак кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Баткенде бычактан жаракат алган 16 жаштагы кыз каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0