Баткенде бычактан жаракат алган 16 жаштагы кыз каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт
Бычак кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук–медициналык экспертиза дайындалды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Баткенде бычактан жаракат алган 16 жаштагы кыз каза болгонун Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 21:05 чамасында облустук ооруканага эки жеринен бычак жеген өспүрүмдү алып келишкен. Ал жарым сааттан кийин өзүнө келбей каза болгон.
Аталган маалымат милиция тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.
Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Ноокенде жол кырсыктан көз жумган аялдын туугандары тергөөчүгө кол салды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0