Аялын өлтүрдү деген Казакстандын экс-министри окуя боюнча көрсөтмө берди. Видео

© Sputnik / Санат ИмангалиевКелинчеги Салтанат Нукенованын өлүмүнө шектелип жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев
Келинчеги Салтанат Нукенованын өлүмүнө шектелип жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Бишимбаев аялы эсин жоготуп жатып калганда Тез жардам кызматынан мурун көзү ачыкка чалганын айткан.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Келинчеги Салтанат Нукенованын өлүмүнө шектелип жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев сотто көрсөтмө берип, окуя болгон күндү айтып бергенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Эске салсак, Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган. ЖМКлар мурдагы министр ресторанда мас болуп аялын ур-токмокко алганын, ал тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.
Кечээ, 3-апрелде, сотто Бишимбаевдин иши каралды. Мурдагы министр ресторанда аялы экөө тең шампан ичип, андан кийин ажатканада уруша кеткенин айткан.
"Ал мага жулуна баштаганда жиним келип жулкулдатып, түртүп жиберсем дубалды сүзүп, унитазга бети менен жыгылды. Туруп келе жатып, алы жок болгондуктан кайра кафелге бети менен түштү. Мен тамеки чеккени сыртка чыгып кеттим. Кетели деп чыгып баратып лифтиден кайра уруша кеттик. Жиним келип чачынан жулуп, төрт жолу чаптым. Жыгылганда тепкиледим, бирок маанилүү органдарына тийген эмесмин. Бир кезде бир топко чейин мени телмире карап, диванга жатып коркурай баштады. Коңурук тартып жатат го деп жанына жатып эки сааттай уктадым. Ойгонсом бетинин бир тарабы көгөрө баштаптыр. Көзү ачыкка чалсам, "чарчаптыр, кечке чейин уктап турсун" деп койду. Ал убакта колу-буту кыймылдап жаткан. Бирок бир канча сааттан кийин тамыры сокпой калганын билдик", — деген ал.
Нукенованын жакындары жана алардын жактоочулары келин окуя болгон күнү бир тууган инисинин үйүнө барарын айтканын белгилеп, бирок Бишимбаев жибербей койгонун, буга чейин да ага кол көтөрүп сабап жүргөнүн белгилешкен.
Буга чейин Салтанат Нукенованын агасы Кайрат Нукенов бул ишке Бишимбаевдин эмес, анын иниси, гастроборбордун директору Бахытжан Байжановдун да тиешеси бар экенин белгилеген. Байжанов экинчи шектүү катары кармалып, сотто көрсөтмө берген.
Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан. Бошонгондон кийин биринчи аялы менен ажырашып, Салтанат Нукеновага былтыр декабрда баш кошкону айтылды.
Сузак районунун Көк-Арт айылында аялына зомбулук көрсөткөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Балка менен уруп... Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0