Райым Матраимов менен кошо анын үч бир тууганы да Кыргызстанга алып келинди

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРРайым Матраимов менен кошо анын үч бир тууганы да Кыргызстанга алып келинди
Райым Матраимов менен кошо анын үч бир тууганы да Кыргызстанга алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
УКМК мурдараак Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен кошо анын үч бир тууганы Бишкекке алып келингенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Атайын кызмат Райым Матраимов менен бирге Азербайжандан анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду да Кыргызстанга алып келди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болуп, Бажы кызматы менен мамлекеттик кызматкерлерден турган кылмыш тобун түзгөнүн белгилеген.
Райым Матраимов учурда Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына январда издөө жарыяланган. Буга чейин УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде бул жаатта тиешелүү тергөө, сурак иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Садыр Жапаров Райым Матраимов менен эки ирет жолукканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0