Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги милиция кызматкерлери. Архив
Бишкектеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Майрам күнү коомдук тартипти республика боюнча 12 миң милиция кызматкери камсыз кылат.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тартип сакчылары өлкө боюнча Нооруз майрамына карата өтө турган маданий-массалык иш-чараларда элдин коопсуздугун камсыз кылат.
"Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Майрамдык иш-чаралар өткөн күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту республикада 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат", — деп билдирди ИИМ.
Эске салсак, Бишкектин айрым көчөлөрү Ноорузга карата 18-марттан 23-мартка чейин жабылары айтылган. Бул күндөрү төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилген:
Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Нооруз майрамында Бишкекте кандай иш-чаралар болот? Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0