Нооруз майрамында Бишкекте кандай иш-чаралар болот? Программа

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөө. Архив
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Муниципалитет шаардыктар үчүн үч күн майрамдык маанай тартууламакчы.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы 21-март, Нооруз майрамында, ордо калаада өтчү иш-чаралардын программасын жарыялады.
Билдирмеге караганда, 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамга карата "Ала-Тоо" борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланууда.
"Бул күндөрү көргөзмө, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш зоналары уюштурулат", — деп жазылат кабарда.
Мэриянын майрамдык программасы:
20-март саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат;
21-март саат 9:00дө башкы аянтта майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22:00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт;
22-март саат 10:00дө улуттук спорттук оюндар башталып, саат 14:00дөн 22: 00гө чейин концерттик программа тартууланат.
Бишкекте Нооруз майрамына карата майрам алдындагы иш-чарадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Ноорузда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0