Кыргыз элин өлкө башчылары Нооруз майрамы менен куттуктап жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамын белгилөө. Архивдик сүрөт
Нооруз майрамын белгилөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Ар бир лидер Кыргызстан элине бакыт, бакубат жашоо каалады.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бир катар өлкөлөрдүн башчылары Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Алардын ар бири майрамдын тарыхын, маанисин белгилеп, өлкө башчынын ишине ийгилик, жалпы Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.
Куттуктоо жөнөткөндөрдүн арасында төмөнкү лидерлер бар:
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов;
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
Азербайжан президенти Илхам Алиев;
Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси;
АКШ президенти Жо Байден;
Сауд Арабия падышалыгынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Нооруз майрамында Бишкекте кандай иш-чаралар болот? Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0