Кыргызстан менен Казакстан чектөө жана тыюу салууларды киргизбөөнү макулдашты

© Пресс-служба правительства КРКыргызстан менен Казакстандын желектри. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын желектри. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Буга чейин Казакстан 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган продукцияларды киргизүүгө тыюу салууга белсенип жатканы кабарланган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин техникалык жөнгө салуу комитети менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги чектөө жана тыюу салууларды киргизбөөгө макулдашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, "жалган сертификат" берүүгө бөгөт коюу үчүн төмөнкү чараларды кабыл алууну макулдашкан:
Техникалык жөнгө салуу тармагында маалымат системаларын интеграциялоо;
Шайкештикти баалоо процедураларын жүргүзүүдө эреже бузууга жол берген сертификациялоо органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүктөрүнөн чыгаруу;
Эреже бузуу жөнүндө маалымат алмашуу боюнча ыкчам кызматташуу регламентин ишке ашыруу;
Шайкештикти баалоо процесстерин (сертификациялоо жана декларациялоо) толук санариптештирүү;
Талаптарды күчөтүп, сертификация боюнча эксперттердин, шайкештикти баалоо органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу.
Буга чейин Казакстан 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензацияланган продукцияларды киргизүүгө тыюу салууга белсенип жатканы кабарланган. Коңшу мамлекеттин Соода жана интеграция министрлиги Кыргызстанда товарлардын сапатка дал келүүсүн тастыктоочу орган эреже бузуу менен коопсуздук боюнча сыноолорду өткөрбөй туруп документтерди берип жатканын билдирген. Кыргызстандын Экономика министрлиги муну соодага тоскоолдук деп атаган.
Ысык-Көл облусундагы бакма канаттуулар фабрикасынын иштеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Кыргызстандын азык-түлүгү жаңы рынокторду багынта алабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0