Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мидинов: мончонун буусунан муздак сууга секирүү инфаркт, инсультту шарттайт

© Sputnik / Акбар АкжигитовКардиохирург, медицина илимдеринин кандидаты Амирбек Мидинов
Кардиохирург, медицина илимдеринин кандидаты Амирбек Мидинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Кардиохирург, медицина илимдеринин кандидаты Амирбек Мидинов ысыктан дароо муздакка өтүүнү бала кезден калыптандыруу керектигин айтып берди.
Инсульт, инфарктынын жаштар арасында жайылышына мончонун буусунда отуруп дароо муздакка чыгуу да себеп болууда. Бул тууралуу Амирбек Мидинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мидинов: мончонун буусунан муздак сууга секирүү инфаркт, инсультту шарттайт
Анын айтымында, былтыр дал ушундай себеп менен республика боюнча үч бейтапка ачык операция жасалган.

"Мурда инсульт, инфарктка 40 жаштан кийин гана кабылгандарды көрчүбүз. Ал тургай медициналык адабияттарда да 35-40 жаштан кийин кездешчү илдет катары окутулчу. Азыркы учурда жапжаш улан-кыздар инфаркт, инсульт менен түшүүдө. Албетте, анын себептери көп. Бирок учурда популярдуу болуп жаткан мончого түшүү процедурасы ошолордун бири болуп жатат. Ысык мончодон чыга калып муздак сууга чумкуп же сыртка чыгып кар чачышканда жүрөктүн же моюндун кан тамырлары бүтөлүп калат. Мындай учурда стент коюуга да болбой калгандыктан ачык операция жасайбыз", — деди Мидинов.

Ал ысыктан муздак сууга түшүүнү бала кезден баштоо зарылдыгын, организмди көндүрбөй туруп кийин эле бул тажрыйбаны колдонуу кооптуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0