Валентина Шевченко UFC реалити-шоусунда устат болот

© AP Photo / John LocherКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун The Ultimate Fighter (TUF) аттуу шоусунда устат болуп дайындалды.
Аталган шоуда мушкерлер эки командага бөлүнүп, белгилүү машыктыруучулар менен чогуу жашап, машыгат. Устаттардын бири Валентина болмокчу.
Жеңүүчүлөр UFC менен келишим түзсө, машыктыруучулары ал жакта беттеш өткөрөт. Шевченко дивизиондун жаңы чемпиону Алекса Грассо менен кармашат. Спортчу айымдар буга чейин эки жолу беттешкен. Биринчисинде Валя жеңилсе, экинчисинде мушкерлер тең чыккан.
Бул башталышы гана! Оролбай уулунун UFC уюмундагы жеңишинен кийинки кеби - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Бул башталышы гана! Оролбай уулунун UFC уюмундагы жеңишинен кийинки кеби
Жаңылыктар түрмөгү
0