Бул башталышы гана! Оролбай уулунун UFC уюмундагы жеңишинен кийинки кеби

Жазылуу
Биз дагы көрсөтөбүз, бул башталышы гана! Бул тууралуу кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы ийгиликтүү дебютунан кийин айтты.
Ал белгилегендей, алдыда келишим боюнча үч беттеш күтүп турат. Алгачкы кармаш боюнча сунушту төрт күн мурда шашылыш кабыл алган.
“Биз каршылашты изилдедик (Урош Медич — Ред). Ал стойкада мыкты экен. Ошон үчүн күрөшкө басым жасадык. Алдыда 70 килограммга чейинки категорияда үч беттешим бар. Биз дагы мыкты кармаштарды көрсөтөбүз, бул башталышы гана", — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүнкү мелдеш Лас-Вегаста өтүп, кыргыз мушкери атаандашы сербиялык Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен жеңди. Аны Бишкектеги күйөрмандары да сүрөп турушту.
Оролбай уулу мындан төрт күн мурун жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын көз караштар таймашынын видеосу чыккан.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.
Тема боюнча:
Шевченко Грассо менен болчу үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0