Министрлик үй-бүлө курам дегендерге бир катар шарттарды коюуда. Тизме

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү той учурунда жубайлар. Архив
Үйлөнүү той учурунда жубайлар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Кодексте расмий катталбай туруп диний жол менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салынган норма бар.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын сунуштады. Анда үй-бүлө курам дегендерге каттоо шарттары өзгөртүлүп берилген.
Жаңы редакцияга ылайык, үйлөнө тургандарга коюлган шарттар:
расмий катталбай туруп диний жол менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салынат. Бул ченемди бузгандар жоопкерчиликке тартылат;
атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар (учурда 3 муун) баш кошо албайт;
жубайлар бири-бирине ден соолугу кандай экени жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өткөн инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келүүсү камтылат;
никеге турчу адамдардын медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин Саламаттык сактоо министрлиги белгилейт;
бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна тыюу салынат;
камкорчулукка алган адам аны (камкордукка алган бала же кыз) менен кийин никеге турууга болбойт;
соттолуп, экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт;
жаштар саясатын тескеген орган түгөйлөрдү үй-бүлөлүк турмушка даярдайт. Анын жол-жобосун өкмөт аныктайт.
Баш кошкондон кийин кош фамилия алууга уруксат берилет. Мисалы, өзүнүкүнө күйөөсүнүн фамилиясын кошуп алса болот.
Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Радио
Эргешов: жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашууларды азайтууга олуттуу мамиле кажет
Жаңылыктар түрмөгү
0