Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эргешов: жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашууларды азайтууга олуттуу мамиле кажет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов. Архивдик сүрөт
Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов үй-бүлө институтунун мамлекеттин экономикасына жана туруктуулугуна тийгизген таасири чоң деп эсептейт.
Учурда үй-бүлө куруу жеке маселе катары каралып калды, бирок бул андай эмес. Үй-бүлө институтунун бекем болушу түздөн-түз мамлекеттин келечегине таасирин тийгизет. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эргешов: жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашууларды азайтууга олуттуу мамиле кажет
Анын айтымында, өлкөдө үй-бүлө курганына беш жылга толо элек жаштардын ортосунда ажырашуу көп катталат.

"1990-жылдары Батыш басылмаларындагы балдар чоңоюп алып мамлекеттен окуу, иш сурабай, ата-энесин таап берүүсүн талап кылып кайрылгандыгы боюнча макалаларды окуп таң калчу элем. Ушундай экономикасы күчтүү өлкөлөрдө эмнеге үй-бүлө институту бекем эмес деген ой келчү. Демек, күчтүү экономика менен эле мамлекеттин пайдубалы болгон үй-бүлө институтун мыктылап түзүп кое албайт экенбиз да. Канчалык бардар жашоо болбосун, үй-бүлө курууну эки адамдын гана чечими катары эмес, мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги иш катары кабылдоо зарыл тура. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз ошол көрсөткүчкө баратабыз. Эки жаштын баш кошуусун ошолордун өзүнүн жана ата-энесинин гана жеке иши катары кабылдайбыз. Кесепетинен үй-бүлө курган алгачкы беш жыл, андан соң 10 жыл аралыгында ажырашкандардын саны көбөйүп жатат. Эгер биз азыртадан идеологиялык, тарбия-насааттык жактан колго албасак, жашоо маданиятыбызга, көп улуттуу кыргызстандыктардын тутунган диндерине ылайык ар бир жарандын үй-бүлө куруудагы жоопкерчилик сезимин ойготууга далалаттанбасак 20, 30, 100 жылдан кийин өтө кооптуу абалга кептелишибиз ыктымал", — деди Эргешов.

Ал жаш үй-бүлөнүн урабай жашап кетиши үчүн ата-эне, коом, жакындары текшерүүчү, көзөмөлдөөчү органдардын ролун аткарбай, тескерисинче, көмөк көрсөтүүчү, колдоочу болушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0