РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Россиянын президенти Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусун жасайт. Владимир Путин Москвадагы Конок сарайынын трибунасына чыгат. Федералдык каналдар анын кайрылуусу үчүн саат бөлүүдө.

Путин: Россияда көп балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүшкө айланышы керек

© Sputnik / Григорий СысоевКар киши жасап жаткан үй-бүлө. Архив
Кар киши жасап жаткан үй-бүлө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
Россия башчысы өлкөдө көп балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүшкө айланышы керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасап жатып Россияда "Үй-бүлө" аттуу жаңы улуттук программа ишке киргенин билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө көп балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүшкө айланып, коомдун жашоодогу философиясы, мамлекеттик стратегиянын негизги багыты болушу керек.
"Үй-бүлө" долбоорунун алкагында көп балалуу үй-бүлөлөргө салыктык жеңилдетүүлөр каралып, эне капиталы көбөйтүлөт, ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык программа 2030-жылга чейин узартылат.
Россия башчысы үй-бүлөдө үчүнчү баланын төрөлүшү менен мамлекет ипотекалык насыянын бир бөлүгүн, тагыраагы, 450 миң рубль төлөөрүн айтып, бул норманы 2030-жылга чейин узартууну сунуштады.
Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Россия Европага кол салат деген болбогон кеп! Путин Батыштын калпы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0