Бийлик уран жана торий кендерин иштетүүгө салынган тыюуну жоймокчу

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүУран карьери. Архив
Уран карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
Министрлер кабинети уран менен торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, айлана-чөйрөгө зыяны аз болорун убадалоодо.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанда уран жана торий кендерин геочалгындоо жана иштетүүгө тыюу салган норманы алып салууну көздөп жатат. Экономика министрлигинин бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Маалым болгондой, уран жана торий кендерин геочалгындоо жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам 2019-жылдан бери иштейт.
Министрлик тыюу салуу боюнча мыйзам калктын саламаттыгын сактоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту сактоого багытталганы менен документ дүйнөлүк кризис маалында өлкө экономикасы үчүн терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
"Атап айтканда, мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда COVID-19 пандемиясынын экономикага терс таасири жана Кыргызстандын ири стратегиялык өнөктөшү болгон Россияга каршы санкцияларды алдын ала айтуу мүмкүн эмес болчу. Учурда Кыргызстандын экономикасы кошумча киреше булактарына муктаж", — деп жазылат негиздемеде.
Министрлер кабинети уран менен торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, айлана-чөйрөгө зыяны аз болот деп убадалоодо.
КРнын президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполду уран кени деп айтуудан алыс болуш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0