Үйдөн жасаса болот. Диетолог иммунитетти чыңдай турчу азык тууралуу айтып берди

© Photo / Unsplash / Dominik MartinИмбирь чайы. Архивдик сүрөт
Имбирь чайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
Дарыгер ичеги таза болсо, ден соолук дагы чың болорун белгиледи.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ит мурунду жана имбирдин тамырын чай кылып чылап ичсе, суукта иммунитетти чыңдоого жардам берет. Бул тууралуу диетолог Наталия Гридинага шилтеме берип "Известия" жазды.
"Ит мурунда аскорбин кислотасы көп болгондуктан кээде лимондун да ордун басып коет, имбирь суук өтүүнү алдын алып, эндокриндик системага оң таасирин тийгизет", — деген адис.
Адис чычырканак чайы менен клюкванын ширеси, ошондой эле лаванда чайы чарчоону жазып, уйкуну калыбына келтирүүгө жардам берерин кошумчалады.
Дарыгер рациондо уй эти болушу керектигин айтты. Анда белок, май жана В12 витамини темирдин жетишсиздигин жана аз кандуулукту алдын алат. Ошондой эле бета-каротин жана антиоксиданттарга бай сабизди жеш керек. Капуста болсо ичегини тазалап, иммунитетти көтөрүүгө оң таасирин тийгизет.
Мындан сырткары, курма көздүн көрүүсүнө жана териге пайдасын тийгизсе, петрушка ичеги-карындын жана мээнин иштешин жакшыртат.
№1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Гүлнара Чодобаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Радио
Суукта сасык тумоону алдын алуу үчүн эмне кылуу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0