Москвадагы мигранттар медициналык камсыздандыруу полисин акысыз ала алат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМедициналык камсыздандыруу полиси. Архивдик сүрөт
Медициналык камсыздандыруу полиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Полис Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга, профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүндүк берет.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттарга санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алса болорун түшүндүрүп берди.
Ага ылайык, полис Москва шаарында иштеп жаткан кыргызстандыктарга 15-февралдан тарта бериле баштаган.
"Ал үчүн министрликтин Москва шаарындагы Малая Полянка көчөсү, №7 үй, №5 батир дарегинде жайгашкан өкүлчүлүгүнө баруу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11:00 дөн 17:00 гө чейин жүргүзүлөт. Полис акысыз берилет", — деп жазылат маалыматта.
Полисти алуу үчүн керек болгон документтер (түп нускалары):
чет өлкөлүк жарандын паспорту;
эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес);
жеке эсептин камсыздандыруу номери;
чет өлкөлүк жарандын келгендигин кабарлаган бланк;
"Бул полис Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга, профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө жана медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоого мүмкүндүк берет", — деп жазылат билдирмеде.
Кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Эмгек министрлиги: 88 миң баланын ата-энеси миграцияда
Жаңылыктар түрмөгү
0