Эмгек министрлиги: 88 миң баланын ата-энеси миграцияда

© Фото / пресс-служба МИД КРКыздар. Архив
Кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
Фостердик үй-бүлө кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 106 фостердик үй-бүлө бар, ал жактарда 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, фостердик үй-бүлө уюштургандардын бардыгы министрлик менен келишим түзгөн. Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, былтыр ата-энеси мигрант болуп кеткен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо максатында соцкызматкерлер дээрлик 326 миң үйдү кыдырышкан. Анын жыйынтыгында 88 миң баланын ата-энеси миграцияда экени аныкталып, ата-энелер менен балдарды камкордукка алуу зарылдыгы тууралуу иштер жүргүзүлгөн.

"Бул иштен кийин 57 бала фостердик үй-бүлөлөргө, 53ү интернатка жөнөтүлгөн. Учурда 137 интернатта 9,9 миң бала жашайт. Алардын 5 пайызынын гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энеси бар", — деген министрдин орун басары.

Фостердик үй-бүлө кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен, таштаарга жери жоктордун балдарын да карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.
Үй-бүлө паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Бишкекте фостердик үй-бүлө ачууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор
Жаңылыктар түрмөгү
0