Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавт Корсаков Россиянын Баатыры наамын алды

© Фото / Сергей Корсаков Космонавт Сергей Корсаков. Архив
Космонавт Сергей Корсаков. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
2022-жылы Сергей Корсаков Эл аралык космостук станцияда 195 күн өткөргөн. Космонавт ал жакка Кыргызстан менен Бишкектин желегин ала барган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин космонавт Сергей Корсаковго Россия Баатыры наамын ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага, мындан тышкары, Россия Федерациясынын учкуч-космонавты ардактуу наамы тапшырылды.
"Эл аралык космостук станцияга узак мөөнөттүү учууну аткарууда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн сыйланат", — деп айтылат жарлыкта.
Корсаков 1984-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулуп, №24 мектепте окуп кеткен. Ал өткөн жылдын апрелинде Кыргызстанга "Русский дом" менен калаа мэриясынын чакыруусу менен "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестивалга келген. Корсаков анда Садыр Жапаров менен да жолугушуп (видеодо ошол жолугушуунун учуру), президентке космоско алып барып келген Кыргызстандын желегин белек кылган.
Озеро Иссык-Куль с космоса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Пресс-борбор
Корсаков: космостон көп эле жерди көрдүм, бирок Ысык-Көл жүрөккө жакын сезилет
Жаңылыктар түрмөгү
0