Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

Манасчы "күйкүн" деген сөздү чечмелеп берди

Манасчы "күйкүн" деген сөздү чечмелеп берди
Жазылуу
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Манастагы "күйкүн" деген сөз кичинеси, баласы, чабалы дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, эпосто бир тамгасын өзгөртүп койсо такыр башка маани берип калган сөздөр кеңири кездешет.

"Манас" баянындагы "күйкүн" деген сөздү чечмелейли. Ал кичинеси, баласы, айрым учурларда чабалы дегенди түшүндүргөн жагдайлар кездешет. Эпосто мындай сөздөрдүн түрү көп. Өз кезегинде дүйнөлүк масштабдагы окумуштуулар кыргыз тилин изилдеп, анын уникалдуу, бай экенин такташкан. Ошол эле Радлов, Валихановдун учурунда "Манастын" жазылып жатканы жөн жерден эмес. Кыргызда бир тамгасын өзгөртүп койсо такыр башка маани берип калган же контекстке жараша башкача түшүнсө боло турган сөздөр кеңири кездешет", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү күнүмдүк колдонууга киргизүү мезгил талабы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0