ЖКда кызыл диплом алгандарды кадрлар резервине сынаксыз киргизүү каралууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовПортфель менен адамдар. Архив
Портфель менен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кызыл диплом менен аяктаган жаштарды кадрлар резервине сынаксыз киргизүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.
Демилгечи депутат Марлен Маматалиев муну жаштарга стимул берүү жана миграциянын алдын алуу үчүн иштеп чыкканын белгиледи.
"Кадрларды, өзгөчө ЖОЖдорду кызыл диплом менен аяктаган адистерди жоготуу мамлекеттердин баарынын чоң көйгөйү болуп саналат. Кыргызстан ресурстар планында жарды өлкө, бирок активдүү жана заманбап жаштарга бай. Ошол жаштарды ар түрдүү ыкма менен алга өстүрүшүбүз керек", — деди Маматалиев.
Учурда жарандар ЖОЖду артыкчылык менен бүткөнүнө карабай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадарлар резервине конкурс аркылуу тандалат.
Бала бакчада тамактанууга даярданып жаткан бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекетке жүктөлөбү? Долбоор ЖКда каралды
Жаңылыктар түрмөгү
0