Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекетке жүктөлөбү? Долбоор ЖКда каралды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүБала бакчада тамактанууга даярданып жаткан бала. Архив
Бала бакчада тамактанууга даярданып жаткан бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Учурда балдарга тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражатынан жүзөгө ашырылат.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бала бакчаларда ысык тамакты кайра мамлекеттин эсебинен берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылган норма киргизилген. Мындан улам өкмөттөн акча бөлүү токтотулган.
"Өкмөт демилгелеген мыйзамда тамак-аштын акчасы ата-энелердин мойнуна толугу менен жүктөлүп калган. Ушул пунктуну биз байкабай өткөрүп жибергенбиз. Бул парламенттин чоң кемчилиги болгонун моюнга алышыбыз керек", — деди Сурабалдиева.
Мыйзам кабыл алынса ата-энелер баласынын тамак-ашына көмөктөшүүгө гана укуктуу болот.
Кыргызстандын мектептеринин биринде тамактанып жаткан окуучулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Окуучулардын тамактануусунун ченеми эки эсеге көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0