Бишкектин мектептери менен бакчалары 7-февралдан тарта кадимки тартипте иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги окуучулар сабак учурунда. Архив
Мектептеги окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу бардык муниципалдык билим берүү уюмдарында 7-февралдан тарта окутуу кадимки режимде улантылат. Бул тууралуу медиаштаб билдирди.
Буга чейин ТЭЦтеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулганы белгиленди. Мындан улам Бишкектин окуучулары эртең онлайн-режимде окушат, мамлекеттик бакчалар дагы иштебейт.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Өкмөт Россиядан келген адистер менен ТЭЦти оңдоонун үч вариантын карап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0