Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Бакыт Төрөбаев: жылуулук, ысык суу кечке жуук берилиши мүмкүн

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясын текшерип жаткан адамдар. Архив
Жылуулук батареясын текшерип жаткан адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, жарылуудан отканалар жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек ТЭЦиндеги кырдаал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, кечке жуук жылуулук, балким ысык суу да берилип калышы мүмкүн.
"Эми мурдагыдай ысык болбойт, бирок батареяларга жок дегенде 50 градус жылуулукту берүүгө аракет кылабыз. ӨКМ менен Мамлекеттик курулуш агенттиги имаратты калыбына келтирүү жана авариянын кесепетин жоюу менен алектенүүдө. Энергетика министрлиги резервдеги 4 откананы ишке киргизет", — деген Төрөбаев.
Алдын ала маалымат боюнча, жарылуудан отканалар жабыркаган эмес.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү ТЭЦте авария катталып, өрт чыккан. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Садыр Жапаров ТЭЦке барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Садыр Жапаров ТЭЦке барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0