Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Садыр Жапаров ТЭЦке барды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба президента КРСадыр Жапаров ТЭЦке барды
Садыр Жапаров ТЭЦке барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Ал ТЭЦти калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. ТЭЦтеги авариядан улам мамлекет башчы Садыр Жапаров жерине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал ТЭЦти калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгып, аны тез арада оңдоо боюнча кечиктирилгис тапшырмаларды берген. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы кошумчаланды.
© Фото / пресс-служба президента КРАвария на ТЭЦ Бишкека
Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү ТЭЦте авария катталып, өрт чыккан. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
РФ өкмөтүнен төрагасы Михаил Мишустин ЕӨАК алкагындагы Алматыдагы эл аралык санарип форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Россия Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0