ЕЭК өкүлү: ЕАЭБде пенсия экспорту ийгиликтүү иштеп жатат

© Sputnik / Мария ДевахинаЕвразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина
Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Киши биримдиктин бир канча өлкөлөрүндө иштесе да, топтолгон стаж менен пенсиянын көлөмү эсептелет.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин пенсиянын экспорту ийгиликтүү болуп жатканын Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө айтты.
ЕАЭБ мамлекеттеринде пенсиялык камсыздандыруу боюнча макулдашуу 2021-жылдан тарта иштеп келет.
Малкинанын айтымында, система жакшы жыйынтык болгонун көрсөтүүдө. Кишилер төлөмдү жашаган жери боюнча гана эмес, пенсияны чектеп берген өлкө (эгерде кыргызстандык пенсионер Казакстанда же Беларуста жашоону кааласа, пенсияны кайдан аларын өзү тандаганга укуктуу) ичинде да ала алышат.
Топтолгон стаждын кайдан алынганына карабастан, баары бир кошулат;
Эгерде киши биримдиктин бир канча өлкөлөрүндө иштесе, пенсиянын көлөмү чогулуп эсептелет;
Система онлайн иштегенде документтерди аралыктан толтурууга болот.
Дүкөндөгү улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү калктын 22,3%ын пенсионерлер түзөт. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0