ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү калктын 22,3%ын пенсионерлер түзөт. Статистика

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү улгайган аял. Архив
Дүкөндөгү улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
Биримдикте жалпысынан 41,4 миллион пенсионер жашайт.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 2023-жылдын башына карата Евразиялык экономикалык биримдикте 41,4 миллион пенсионер жашай турганы маалым болгон. Алар биримдиктеги жалпы калктын 22,3 пайызын түзөрүн ЕЭК билдирди.
"Жыл башына карата ЕАЭБдин калкынын саны 185,4 миллион адамды түзгөн. Алардын 41,4 миллиону (22,3%) — эмгекке жарамдуу курактан улгайган адамдар", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин Статистика департаменти ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияга чыгуу курагы ар кандай экенин билдирген. Мисалы, Россияда жашаган эркектер орточо 61,5 жаштан тарта пенсияга чыкса, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда 63 жаштын тегерегинде чыгат. Россиялык аялдар 56,5 жаштан тарта ардактуу эс алууга кетсе, Арменияда 63 жашка чейин барат.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Радио
Алиев: пенсия системасы боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0