ЕАЭБ менен БРИКС дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртүүдө. Серепчинин пикири

© Фотохост-агентство РИА Новости / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык форумуну өтүүчү жердеги ЕАЭБдин логотиби. Архив
Евразия экономикалык форумуну өтүүчү жердеги ЕАЭБдин логотиби. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Евразия экономикалык биримдиги жаңы дүйнө түзүмүнүн маанилүү бир бөлүгүнө айланып, анын алкагында өз алдынча соода-экономикалык жана каржылык өз ара алакалар тутуму да жакшырып жатканын белгилейт дейт Sputnik колумнисти.

Континенттеги мейкиндиктер

Узаган жылы дипломатиялык багытта Батыштын дүбүртү катуу болду. Борбор Азия менен Европанын транспорттук жана соода-экономикалык агымын буруп алууга болушунча далалат кылды. Европа жана жалпы жонунан Батыш өлкөлөрү белгилүү бир геосаясий талашсыз жобого, атап айтканда, Борбор Азия — Евразиянын жүрөгү, ким чөлкөмдү көзөмөлгө алса, ал бүтүндөй континентти тескейт дегенге таянуу менен аракет этип жаткандай. Негедир алар географиялык жактан ыраактыгын, европалыктардын Борбор Азияга карай жолунун жоктугун эч качан эске алышпайт. Бул — алардын бүт саясатынын орчундуу чоң катасы.
Учурдагы европалык геосаясий логиканын жеткен чеги — Борбор Азияны Россия менен Кытайдан тартып алуу экенин ачык эле моюнга алышы. Кыязы, кайда кантип болсо да, башкысы, ошол ниетин эптеп ишке ашырса болду окшойт. Батыш 30 жылдан ашуун убакыт бою Борбор Азия өлкөлөрүнө дүйнөлүк рынокко жана дал Европага чыгуу зарыл экенине ынандырып келгени да өтө кызыктуу жагдай. Ар тармактагы эксперттер андай көрүнүштүн мүмкүн эместиги Борбор Азиянын эң ири геосаясий трагедиясы экенин биринен бири озунуп кайталап жүрүштү. Бирок андан да кейиштүүсү — Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү мурдагы Советтер Союзунун экономикалык, транспорттук, энергетикалык жана башка байланыштарынын системасынын алкагында алардын баары өзүн-өзү камсыз кыла турган чөлкөмдүн бир бөлүгү экенин унуткарып коюшканы болду.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ошондой эле уюмдун өнөктөштөрүнүн ортосундагы бир топ эсе жогорулаган соода жана экономикалык көрсөткүчтөр кайрадан ошол акыйкатты айгинелеп койду. Европа кастарын тигип турган шартта евразиялык континенттин чыгыш жана түштүгүнө карай кыйла келечектүү багыттар бар. Мисалга, Евразиянын бөлүгү катары Кытайдын евразиялык экономикалык процесстерге жанаша жүргөн өзүнүн "Бир алкак – бир жол" долбоору бар. Ал ал эми РФ — БА — КЭР кызматташтыгын чөлкөмдөгү өз ара аракет этүүнүн үлгүсү деп эсептөөгө болот.
Түштүк багыты — Иран. Ал 2019-жылдан тарта адегенде эркин соода аймагына алпара турган утурумдук макулдашууга кол коюп, кийин, тагыраак, 2023-жылдын декабрында аталган аймак жөнүндө ЕАЭБ менен толук форматтагы келишим түзгөн. Ирандын чыгыш менталитетинин өзгөчөлүктөрүн жана анын келишим, айрыкча, көп тараптуу макулдашууларды түзүүдө ашкере кылдаттыгын эске алсак, бул процесс кыйла создугуп кетмек. Анткен менен экономикалык, соода, транспорттук жана саясий процесстердин Евразия тарапка карай орун которуп жатканынан улам Ирандын да акыры кошулары айкын болуп калган. Ал эми аталган мамлекеттин 2023-жылдын 4-июлунда Шанхай кызматташтык уюмуна кириши ошол процессти тездеткендей болду. Кытай Евразия өлкөлөрүнө Азия-Тынч океан аймагындагы портторун, Иран Перс булуңуна жана Инд океанына карай дарбазаны кең ачууда.

Кызматташтык коридорлору

Ирандын азырынча өз евразиялык саясаты жок, бирок аны стратегиялык багыттагы макулдашуулар Россия менен да, Кытай менен да байланыштырып турат. Албетте, бул жагдай Евразияда алардын өз ара түшүнүүгө жетишерин алда канча өбөлгөлөйт. Россия менен жамааттык Батыштын жаңжалы барган сайын курчуп жатканынан улам россиялык-ирандык экономикалык кызматташтык жана саясий диалогдун активдешүүсү кыйла сезилерлик. Ал эми бул Борбор Азиянын башка мамлекеттерин да, Түштүк Кавказды да тарта турган долбоорлордун жүзөгө ашырылышына негиз түзүп берет. Атап айтканда, кеп Түндүк — Түштүк транспорттук коридору долбоорун ишке ашыруу туурасында. Белгилүү болгондой, бул Россия, Азербайжан (Баку) же Казакстанды (Актау) Ирандын бир нече калаасы менен байланыштырып, андан ары Бендер-Аббас же Чабахар порттору аркылуу Индиянын Мумбай шаары менен туташтырат.
Чабахар порту — Иранга салынган индиялык инвестициялар, айтмакчы, быйыл товар айлантуунун жогорулашына байланыштуу алардын көлөмүн көбөйтүү пландалганы маалым. Ушундай багыттардын келечеги Ирандын БРИКСке кириши, ЕАЭБ менен Эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашууларга кол коюшунан кийин бир топ эсе кеңеерин бөркүңүздөй көрүңүз.
Ошентип евразиялык экономикалык мейкиндикке алдыда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери да кошула турган БРИКС уюмундагы өлкөлөр менен да байланышынан улам Араб жарым аралына да жол ачылат. Ал эми Каспийге чыга ала турган Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан мультимодалдык коридорунун өнүгүшү жөнүндө да токтолсок, Борбор Азия, Россия, Түштүк Кавказ, Иран, Индия, араб өлкөлөрү дүйнөлүк экономикада негизги мааниге ээ боло турган азыркы жана ыкчамдык менен өнүгө турган соо жолдору менен тыгыз байланышта болору ажеп эмес. Ошол эле учурда "Бир алкак – бир жол" (КЭР), Ортодогу коридор (Түркия) өңдүү бөлөк долбоорлорду атаандаш катары караган туура эмес. Алардын баары бири-бирин евразиялык континенттин жолдорунун жалпы түйүнүн толуктаары ырас.
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири

Дүйнөнүн жаңы картинасы

Батыштын күнү толук бүтөрүнө али көп бар деңизчи, бирок бул – дүйнөлүк түзүмдүн катмарларынын кайра жаңыруусунун башкы максаты эмес. Евразия өлкөлөрү, БРИКС мүчөлөрү жана дүйнөлүк көпчүлүктүн башка мамлекеттеринин ниети – кыйла тең салмактанган, бир топ адилеттүү, цивилизациялык, маданий көп түрдүүлүктү тааныган жана ынтымак-ырашкерликте жашоо принциптерине негизделген дүйнө түзүмүн түптөө.
Тилекке каршы, Батыштагы "демократиянын жогорку стандарттары" бул өлкөлөрдүн реалдуу маанайын чагылдыра албайт, чындыгында эч биринин тандоо укугу да, добушу да жок. Ошентсе да адилеттүү дүйнөдө азыркыдан эркин Батыш үчүн да орун табылары шексиз.

"Биз өзүбүздүн жаңы дүйнөбүздү курабыз…"

Балким, дүйнө ушул тапта терең, түп-тамырынан өзгөрүүнүн алдында деген көз карашка баары эле кошула бербес чыгар. Бирок "либералдык дүйнөнүн" эң өжөр пропагандистинин мисалынан улам Батыштын жеке глобалдык үстөмдүгү менен курулган тартип акырындап кыйрап баратканы айдан ачык болуп баратат. Мындай шартта бир полярдуу дүйнө күрөшсүз багынып бербейт. Ал Украинадагы аскерлердин, Донецк, Белгород жана Россиянын башка калааларындагы жай тургундардын, Газа сектору, Палестина жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү бейкүнөө жарандык калктын өмүрүн алат.
Мындан эки жыл мурун Россия менен жамааттык Батыштын тирешинин натыйжасында дүйнөлүк түзүмдүн өзгөрүү процесси активдүү фазага өткөнүн азыр тана албайбыз. Бирок дал Россиянын эл аралык санкцияларга, дүйнөлүк обочолонтуу аракеттерине туруштук бере алышы башка мамлекеттердин да өз күчүнө ынанып, Батыштын үстөмдүгүнө жапа тырмак каршы турууга чыйралтып койгонун да түшүнгөн оң. Эки тараптуу негиздеги эл аралык колдоонун күч алып баратканын айтпаганда да, эл аралык кысымдарга карабастан Россиянын Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги жана БРИКСтин алкагындагы демилгелери 2023-жылы абдан ийгиликтүү болду.
Россиянын төрагалыгы туш келген быйылкы жылы БРИКСке бир катар жаңы мүчөлөр, атап айтканда, Египет, Иран, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери жана Эфиопия кирери күтүлөт. Албетте, уюмга төрага өлкөнүн күн тартиби евразиялык мейкиндиктин чөлкөмдүк маанисин да, 2024-жылдагы өнүгүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын кошо эске алмакчы. Алар Батыштан көз карандысыз, жаңы эл аралык каржылык, соода-экономикалык кызматташтык формаларынын түзүлүшүнө байланыштуу болору шексиз.
Чөлкөм жаатында КМШда Россиянын төрагалыгын белгилесек болот. Ал уюмдун артыкчылыктуу иш багыттарынын, дүйнөдө ЕАЭБге кызыгуулардын күч алышын, аталган уюмдун өнөктөш мүчөлөр тизмегин кеңейтүү боюнча концепциясын мүчөлөрдүн назарына сунуштаган. Албетте, жаңы дүйнөлүк түзүм жөнүндө көп ой жүгүртүүгө болот, бирок күчтүү экономикалык жана каржылык базасы болбосо мамлекеттердин бул багыттагы күчтүү аракеттеринен да түк майнап чыкпайт. Ушул жагынан Евразия экономикалык биримдиги — эбак ордун тапкан уюм. Анын алкагында соода-экономикалык жана каржылык өз ара алакалардын өз алдынча тутуму жакшырып баратканы бышык. Башкача айтканда, ЕАЭБ – бул жаңы дүйнө түзүмүнүн негиздеринин бири болбосо да, бөлүгү экени айныгыс.
Кабулдагы талибдердин кыймылы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Афганстанды чайпоого каршы турууда Борбор Азия менен Россиянын ролу кандай? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0