Афганстанды чайпоого каршы турууда Борбор Азия менен Россиянын ролу кандай? Сереп

© AFP / WAKIL KOHSARКабулдагы талибдердин кыймылы. Архивдик сүрөт
Кабулдагы талибдердин кыймылы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
АКШ менен Улуу Британиянын Украинада Россияны чабалдатуу жана аны Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнөн обочолонтуу аракетинин оңунан чыкпай калышы Батышты көнгөн жолуна, террорчулукка кайрылууга аргасыз кылып жаткандай.
Бир аз мурун эле Борбор Азия туурасында Афганстан тараптан соккон коркунуч эпкини боюнча гана кеп кылышчу. Ал жактагы кырдаал да, атап айтканда, узакка созулган жарандык согуш, бийликке "Талибандын"* келиши, АКШ күчтөрүнүн чыгарылышы жана талибдердин кайтышы ушундай жоромолго түрткөн.
Афганстанды да, Борбор Азия өлкөлөрүн да (айрыкча Афганстан менен чектешкендерди) бир топ коркунуч тооруп турган: баңгизат трафиги, мыйзамсыз курал сатуу, качкындар, терроризмдин өсүшү, экстремизм жана башка көйгөйлөр менен коштолгон аскердик жаңжалдар тутанышы ыктымал эле.

Көйгөйдү ким жаратат?

Жогоруда аталган жагдайлардын баары жоюлуп кеткен жери жок, Афганстан бир аз турукташканы менен баары бир коопсуздук маселелерин, айрыкча түндүк провинцияларындагы көйгөйлөрдү өз алдынча чече албайт. Бул аймакта "Аль-Каида"** жана "Вилоят Хорасан" (Ислам мамлекети**), ошондой эле "Ансарулла жамаатынын" майда этникалык топтору**, "Түркстандын ислам партиясы"** жана башкаларга байланышкан террордук уюмдар жайгашкан. Мурда алар аталган аймакта жок эле дешке да болбойт. 2021-жылы Афганстандан америкалык күчтөр чыгарылып, жыл айланбай Украинада атайын аскердик операция башталган соң кураторлору — АКШ менен Улуу Британия аларды кайрадан эстегенче бул топтор өз ордун табуу далалатында болушту.
Быйыл октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук орган жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында Россия Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Афганстанда "туруксуздук алкагын" түзүүдө америкалык жана британиялык атайын кызматтардын активдүүлүгү байкалганын белгилеген. Анда чөлкөмдү чайпалтуу, анын ичиндеги мамлекеттерде абалды туруксуздаштыруу максатында ар кандай террордук уюмдардын согушкерлерин "таптаган" лагерлер түзүлүп жатканы айтылган.
Кошмо Штаттардын жана Британия Украинада Россияны чабалдатууга белсенип, бирок стратегиялык түрдө утулуп, ошондой эле РФтен Борбор Азиядагы өнөктөштөрүн оолактатууга жасалган аракетинен майнап чыкпаган соң Батыш көнгөн ыкмасына – терроризмге кайрылды. Адатынча анын чөлкөмгө чок ыргыткысы бар. Эгер Борбор Азия мамлекеттери бул коркунучтарга жалпылап жооп кайтарышса, анда Афганстандын бул багыттагы ролу эки ача болушу ыктымал.

Коркунуч булагына айлантып...

Борбор Азия дүйнөнүн саясий картасында чөлкөм катары "пайда болгондо" Батыш географиялык, маданий-тарыхый жана саясий өзөгүнө карабастан дароо аны өз муктаждыгына жараша эптештирип алгысы келди.
"Ири Борбор Азия" долбоорунун алкагында мынчалык масштабдуу трансформация үчүн плацдарм катары Афганстанды пайдалануу пландалган. АКШ 2001-жылы афган аскердик кампаниясын баштап, Борбор Азия аймагында аскердик базалардын пайда болушунан кийин гана ушул жааттагы аракеттерине киришкени менен булардын баары иштелип чыккан ошол пландын бир бөлүгү экени айдан ачык. Ага ылайык, албетте, Кошмо Штаттардын тыкыр көз салуусунда Афганстан Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш, балким дүйнөнүн бөлөк чөлкөмдөрүнө карай борборазиялык мамлекеттерден энергетикалык ресурстардын кандайдыр дарбазасына айланмак.
ТАПИ (Түркмөнстан — Афганстан — Пакистан — Индия) газ түтүгү, Борбор Азиядан Түштүк Азияга CASA-1000 электрөткөргүч линияларын куруу, трансафгандык темир жол магистралы өңдүү долбоорлор биздин чөлкөмдүн "визиттик карточкасы" болгон. Анткен менен Афганстанда АКШ аскерлери үстөмдүк кылып турган убакта да бул долбоорлорду жөпжөнөкөй коопсуздук кепилдиктерин башкасы тургай америкалыктардын өздөрү камсыз кыла албагандыктан ишке ашырылган эмес.
"Борбор Азиянын суверендүү, демократиялык, светтик мамлекеттери, анын ичинде Афганстан да Кошмо Штаттар менен жалпы жыргалчылык үчүн кызматташат", — деп сүрөттөшкөн дүйнөнүн бул бөлүгүн америкалык долбоордун идеологдору. Бирок Афганстанда америкалыктар турган маалда өлкө тек гана Борбор Азия үчүн эмес, Россия, Кытай, Иран жана бир катар мамлекеттер үчүн террордук кооптуулук, баңгизат трафиги, курал сатуунун чоң булагына айланды.
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири

Нагыз кооптуулук

Афганстанда 2021-жылы бийликтин толугу менен "Талибанга" өтүшү бул кыймылды аскерий да, идеологиялык жол менен да жеңе албаган Вашингтондун көп жылдык, бирок түк ишке ашпай турган саясатынын кесепети экени шексиз. Бирок айрым талдоочулардын божомолундай, Афганстан орто кылымга кайтып, террорчулукту өз чек арасынан жайылтуучуга айланган жери жок. Талибдер башка бийликтер өңдүү эле расмий таанылууга ашыгып, иштеп, өнүгүп, куруп, соода жүргүзүүнү самайт...
Албетте, өз шарттарында. Алар бардык улуттардын кызыкчылыктары эске алынган, чындап инклюзивдик өкмөттү түзүүдөн баш тартууда. Ошондой эле "Талибан" тышкы кысымга алдырбастыгын даана көрсөтүп, саясий тутумду түзүү, бийликти бөлүштүрүү боюнча өз көз карашын таңуулоо аракеттерин четке кагып, ички иштерге кийлигишүү катары кабылдай турганын билдирүүдө.
Бүгүнкү афган өкмөтүнүн өзү коңшуларына коркунуч туудурбастыгын түшүнүү керек. Бирок талибдердин өлкөнүн бүтүндөй аймагын көзөмөлдөй албаганы олуттуу кооптуулук жаратат. Өзгөчө дал ушундан үчүнчү күчтөр пайдаланып жатышат. Атап айтканда, Афганстан боюнча Москвада сентябрь айында өткөн жыйындын натыйжасына катышуучулар өкмөттүн терроризмге каршы күрөшүү аракеттерине баа беришти. Ошол эле учурда өлкөдөгү "террордук топтордун бардык түрүн кыйратып, жок кылып жана отурукташуусуна жол бербөө боюнча майнаптуу чара көрүүгө" чакырышты. Талибдердин өздөрүнүн күчү жетишсиз экени даана көрүнүп турат, бирок азырынча алар эч жакка жардам сурап кайрылыша элек.

Жалпы мейкиндиктин келечеги

Ушул тапта Афганстан менен чектешкен мамлекеттер, ошондой эле талибдер менен диалогго активдүү түрдө тартылган өлкөлөр бул режим түк эпке келбесе да аны толук обочолонтууга болбостугун түшүнүп турушат. Балким афган өкмөтү менен диалогду сактоо, эл аралык таанылууга жетүү зарылдыгы "Талибанды" тил табышууга түрткү болоруна үмүт артуу кыйла туура жол чыгар. Ошентсе да азыр күн тартибинде Афганстандын, өзүнүн коопсуздук жана өнүгүү, анын ичинде соода-экономикалык байланыш маселелери курч турат.
Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары постсоветтик мейкиндиктеги каатчылыктан улам Борбор Азиянын ийгиликтүү келечеги мурдагы байланыштардан тыш сырткы рынокторду издөө менен жетишчүдөй туюлган. Анткен менен 30 жыл аралыгында чөлкөмдөгү мамлекеттерде "экономикалык керемет" болуп кеткен жок.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия өзү менен өзү болгону үчүн эле эмес, Евразиянын эки орчундуу экономикалык борбору — Россия менен Кытайга чыга алганы менен келечеги кең экенин болжоого болот. Көптөгөн өлкөлөр Батыш санкцияларына баш ийүүдөн баш тартып турган эл аралык жагдайдан улам Афганстандын транзиттик дарамети анчейин деле мааниге ээ эмес чыгар. Мүмкүн анын маңызын түп-тамырынан карап чыгуу оң болор.
Афганстан азыр Борбор Азия менен эле эмес, көбүрөөк Россия менен мамилени өрчүтүүгө кызыкдар. Эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунучтар жаралып турган шартта Россия саясий өңүттөн тыш, туура экономикалык алакалардын канчалык маанилүү экенин түшүнгөндөр үчүн саясий жана экономикалык борборго айланууда.
Дал ушундай прагматикалык формула гана Борбор Азия чөлкөмү жана Афганстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө коопсуздукту камсыздай алат.
* Террордук ишмердигинен улам БУУнун санкциясына кабылган кыймыл
** Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм
Аскер кызматкерлери Балыкчыдагы полигондо ЖККУнун машыгууларында. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
ЖККУнун келечеги жөнүндө ойлор: коркунучтарды жоюу жана глобалдык вазийпа
Жаңылыктар түрмөгү
0