Афганстандын Бадахшанында тоого учак кулады

© Sputnik / Владимир СергеевАсманда учуп бара жаткан учак. Архив
Асманда учуп бара жаткан учак. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
Ал Индиядан Москвага Ташкент аркылуу чартердик санитардык каттамга чыккан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Афганстандын Бадахшан провинциясындагы тоого учак кулады. Бул тууралуу Паджвак агенттигинин маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Жекшембиде жергиликтүү аткаминерлер Индиянын жүргүнчү ташыган учагы Бадахшандын тоолуу аймактарында кырсыктаганын билдиришкен", — деп айтылат материалда.
Росавиациянын маалыматы боюнча, Афганстанда дайынсыз болуп жаткан Falcon 10 учагы Россиянын жарандык учактарынын мамлекеттик реестринде катталган. Анда белгиленгендей, Falcon 10 учагы менен байланыш кечинде үзүлгөн, радарлар экранынан да көрүнбөй калган. Бул учурда учак Афганстандын аба мейкиндигинде (Тажикстан менен чектешкен аймакка жакын) болгон.
Борт Гая (Индия) — Ташкент — каттамы боюнча чартердик санитардык рейске чыккан.
"Алдын ала маалымат боюнча, бортто алты адам бар болчу, төртөө экипаж мүчөсү болсо, экөө жүргүнчү", — дешкен Росавиациядан.
Учурда мекеме Афганстан, Тажикстандын аба каттамы кызматтары менен байланышта, учакты издөө иштери да жүрүүдө.
Дайынсыз болуп жаткан Falcon 10 (каттоо номери RA-09011; сериясы — 128) учагын 1978-жылы Франциянын Dassault Aviation компаниясы чыгарган. Ал "Атлетик Групп" ЖЧКсына жана жеке жактарга тиешелүү.
Khaama Press маалымат агенттиги учак багытынан чыгып кеткенин кабарлады.
"Бадахшан провинциясындагы жергиликтүү булактар ал каттамынын багытынан чыгып, Зебак районундагы тоо рельефтерине урунган деп билдиришүүдө", — деп жазылган агенттиктин кабарында.
Бадахшан провинциясынын Маалымат жана маданият департаментинин башчысы Tolo News телеканалына кырсык болгон жерге иликтөө үчүн атайын топ жөнөтүлгөнүн айткан.
Аталган телеканал жергиликтүү жашоочулардын айткандарына таянып, учак жекшембиде эртең менен кулаганын маалымдады.
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0