Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди. Видео

© Sputnik / Аяна БайтемироваБишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Каза болгон 29 жаштагы офицер Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабына кулаган тик учактын көз жумган учкучу Жайыл Самудинов бүгүн жерге берилди.
Анын зыйнаты Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда өттү. Учкучту акыркы сапарга узатууга бирге кызмат өтөгөн кесиптештери, Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчилиги катышты.
29 жаштагы Самудинов быйыл үйлөнмөк, үч бир туугандын улуусу болгон.
Ал Россиядагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.
"Өтө оор жоготууга учурап, кайгыга батып отурабыз. Биздин куралдаш, кесиптешибиз капитан Самудинов Жайыл Чолпонович акыркы сапарга узап жатат. Жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу, ар дайым жардамга кол сунган офицер эле... Кош бол! Сиз биздин элесибизде офицердик наамды татыктуу алып жүргөн үлгүлүү офицер катары кала бересиз!" — деди Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Руслан Мукамбетов.
Маркумдун таякеси үй-бүлөсү менен Жайылга чоң үмүт артканын белгиледи.
"Кыргыз элине кызмат кылам дечү эле. Анткени чөйрөсүндөгүлөрдүн баары аскерлер эле, ошон үчүн Жайыл аскер кызматын тандаган. Жалындай, оттой бала болчу... Эми кандай кылабыз.., билбейм", — деди ал.
Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда 23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү тараптардын иликтөөсү жүрүп жатат.
Окуу-машыгуу учурунда Бишкектин четине кулаган Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Бишкекте тик учактын кулаган учуру видеого түшүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0