Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокеринин өлүмү боюнча дагы бир адамга айып тагылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш ишинин папкасын кармап отурган тергөөчү. Архив
Кылмыш ишинин папкасын кармап отурган тергөөчү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Шектүү Оштогу гарнизондун гауптвахтасында кармалууда.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Токтогул ГЭСинде ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн жоокеринин өлүмү боюнча иш Жалал-Абад шаардык сотуна өткөрүп берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Башкы прокуратурадан билдиришти.
Көзөмөл органынын маалыматына караганда, каза болгон У.Б. менен чогуу кызмат өтөгөн аскерге Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" жана "Дезертирлик" беренелери боюнча айып тагылууда.

"20-ноябрь күнү саат 5:50дө 7 706 аскер бөлүгүндө кароолдун жетекчиси К.Ж. текшерүү үчүн тревога жарыялаган. Бул учурда С. Т. менен У. Б. ортосунда пикир келишпестик чыгып, У.Б. С.Тны көздөй ок чыгарган. Натыйжада ал каза тапкан. Шектүү качып кетип Кара-Көлдөгү үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөн. Кийин ал колго түшүп камакка алынган. Учурда ал Ош гарнизонунун гауптвахтасында жатат", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура У.Бдан сырткары, аскердик бөлүктүн кароолунун жетекчиси дагы кылмышка айыпталып жатканын билдирди.
"К.Жга карата өзүнчө кылмыш иши козголду. Анткени ал мыйзамсыз негизде тревога жөнүндө буйрук берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кароолдук кызматты аткарууда эреже бузуу" беренеси боюнча айып тагылууда. Бул иш Жалал-Абад шаардык сотуна дагы жөнөтүлдү.
Эске салсак, 20-ноябрда Токтогул ГЭСинде ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери аны менен кошо кызмат өтөп жаткан куралдашын атып алганы айтылган. Бул окуядан кийин ал курал менен качып кетип, бир күндөн кийин Кара-Көл шаарындагы турак жайлардын биринин чатырында жаткан жеринен кармалган.
Ички иштер министерствосунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0