Бишкектеги жаңы вокзалдан маршрутка, таксилер жүрө баштады. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровМаршруткага түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Маршруткага түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Буга чейин өлкөнүн түндүк аймагынан келген жүргүнчү ташуучу унаалар Чыгыш вокзалына барышчу.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги жаңы вокзалдан алгачкы каттамды Ысык-Көлдүн маршруткалары жасады. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти билдирди.
"Бишкек автобекети" Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан. Ал жактан Ысык-Көлдүн айдоочулары алгачкы каттамга чыга башташты.
Эми Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдүн айрым маршруткалары Бишкекти аралабай эле ушул жактан токтошот, мурун Чыгыш автобекетине барышчу. Вокзалга чейин шаар ичинде автобустар каттайт.
Буга чейин жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы Батыш автовокзалын Бишкектин сыртына көчүрүүгө каршы экенин билдиришкен. Алардын айтымында, мындан жүргүнчү ташуучулар эле эмес, ишкерлер менен эл да жабыркайт, ошондой эле реформанын айынан миңдеген адам жумушсуз калышы мүмкүн.
Мэрия бул демилге "Жашыл шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатканын айткан.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров "Ош" базары менен Батыш автобекети да жайга чейин шаар сыртына чыгарыларын айткан. Мэрия автобекетти Пригородное айылынын тышына (Достук кичи районунун маңдайы) чыгаруу пландалып жатканын маалымдаган.
Бишкек мэриясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Мэрия Батыш, Чыгыш автобекеттерин көчүрүп жаткан себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0