Үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт: ниетиң түз болбосо жашооң оңолбойт

© Фото / Unsplash / Priscilla Du PreezҮй-бүлөлүк мамилелер. Архивдик сүрөт
Үй-бүлөлүк мамилелер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Ниет — бул адамдын тагдырын, келечегин аныктоочу каалоо.
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Ак жана кара ниет бар. Ниетиң түз болбосо, жашооң деле оң болбойт. Ниет мээде жашап, жүрөктө өнүп чыгып, анан тилибизге келгенде тилек болуп айтыла баштайт. Бул тууралуу үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, ниет — бул адамдын тагдырын, келечегин аныктоочу каалоо.
"Ниет тууралуу белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун "орозо маалында эртең менен соорго турганыңдын өзү ниет. Ал кезде ниеттин дубасын айтпай калсаң да кабыл боло берет. Ал эми ууру же адам өлтүргөн кишинин ниети менен ууру кылуу, адам өлтүрүү максатында чыгып, бирок аны ишке ашыра албай калган адамдын ниети, күнөөсү бирдей. Экинчисинде, болгону шарты туура келбей калган. Ниет ушундай күчтүү нерсе" дегени бар. Чындыгында адам туура ниет койбосо алдыда ар кандай көрүнүштөргө кабыла берет. Ниеттин турмуштагы маңыздуулугуна маани берүү кажет. Кээ бир келиндер күйөөсүн, кайненесин жамандап, даттанып келишет. Чындыгында, сүйлөшө келгенде турмушка чыгарда "кайненем мындай кылса минтем, күйөөмдү антем" деген ниети болгону аныкталат. Ал кайнене тарабынан ар бир айтылган сөздү терске жоруй берип ортодо конфликт тутандырып алат, ой материалдашып кетет. Ошондуктан ак жана кара ниет бар. Ниетиң түз болбосо, жашооң деле оң болбойт", - деди Кадырбекова.
Ал ниет мээде жашап, жүрөктө өнүп чыгып, анан тилге келгенде тилек болуп айтыла баштай турганын кошумчалады.
Адистин толук маегин материалдан окуңуз.
Психолог Малаке Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Радио
Жаштар эмне үчүн Кыргызстандан кетүүнү каалайт? Психологдун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0