Бейрутта ХАМАСтын кеңсесин жардырууда эки командир көз жумду. Видео

© AFP / ANWAR AMROБейруттага ХАМАСтын кеңсесин жардыруу
Бейруттага ХАМАСтын кеңсесин жардыруу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
"Хезболла" кыймылы мындай кадам Палестина, Ливан, Йемен, Сирия, Иран жана Иракта каршылык көрсөтүүнү гана күчөтөрүн билдирген.
БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылынын "Аль-Кассам бригадалары" аскер канатынын командирлери Самир Фанди Абу Амир жана Аззам аль-Акра Абу Аммар кыймылдын саясий бюросунун башчысынын орун басары менен бирге Израилдин ХАМАСтын Түштүк Бейруттагы кеңсесине жасаган соккусунан каза болушту. Бул тууралуу РИА Новости Палестинанын Al Aqsa телеканалына шилтеме берип жазды.
Шейшемби күнү кечинде Ливандын улуттук агенттиги Израилдин учкучсуз учагы ХАМАСтын Түштүк Бейруттагы кеңсесине кол салып, төрт адам каза болгонун билдирген. Ливандын Al Mayadeen телеканалынын маалыматы боюнча, каза болгондордун бири — ХАМАСтын саясий бюросунун башчысынын орун басары Салех аль-Арури. Израилдин маалымат каражаттары Бейруттагы жардырууда ХАМАС операцияларынын Ливандын түштүгүндөгү командири өлтүрүлгөнүн кабарлашты.
Саясий бюронун башчысынын орун басары менен командирлердин, ошондой эле кыймылдын катардагы төрт жоокеринин өлүмүн бюронун лидери Исмаил Хания окуядан кийин кечинде тастыктаганын Al Jazeera телеканалы билдирген.
Ливандын "Хезболла" кыймылы мындай кадам Палестина, Ливан, Йемен, Сирия, Иран жана Иракта каршылык көрсөтүүнү гана күчөтөрүн билдирип, Израилге сес көрсөткөн.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Израилдин премьери Палестина менен тынчтыкка келүү үчүн үч шартты атады
Жаңылыктар түрмөгү
0