Израилдин премьери Палестина менен тынчтыкка келүү үчүн үч шартты атады

© AP Photo / Ronen ZvulunИзраилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Ал Газаны демилитаризациялоо үчүн тилкенин периметри боюнча убактылуу коопсуздук зонасын түзүп, анклавга курал-жарак ташууга жол бербеш үчүн Египет менен чек арада текшерүүлөрдү баштоо керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкеси менен тынчтыкка келүү үчүн үч шартты атады. Анын бири Палестина коомчулугун радикалдаштырбоо. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
The Wall Street Journal үчүн берген маегинде Нетаньяху ХАМАС кыймылын тыптыйпыл кылып, Газа секторун демилитаризациялап, анын аймагында убактылуу коопсуздук зонасын түзүүнү айткан. Ошондой эле тынчтыкка келиш үчүн Палестина коомчулугун радикалдаштырбоо керектигин белгилеген.
"Газаны радикалдаштырбаш керек. Мектептер балдарга өлүмдү эмес, жашоону баалаганды үйрөтүп, молдолор еврейлерди өлтүрүүгө чакырыгын токтотушу зарыл. Палестинанын коомчулугу терроризмди каржылагандарды эмес, алар менен күрөштү колдогонду үйрөнүш үчүн трансформацияланышы керек", — деген премьер.
Израиль премьери ХАМАС кыймылын мындан аркы чыр-чатакты болтурбоо үчүн жок кылуу керек деп эсептейт.
Ал Газаны демилитаризациялоо үчүн тилкенин периметри боюнча убактылуу коопсуздук зонасын түзүп, анклавга курал-жарак ташууга жол бербеш үчүн Египет менен чек арада текшерүүлөрдү баштоо керектигин белгилеген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кеткен. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилде, өкмөттүн акыркы маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза таап, 5 миңден ашууну жарадар болгон. Ал эми Газа тилкесинде 20 миңдей адам набыт болуп, 54 миңден көп киши жаракат алышкан.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Израилдин премьери: өлкө максатына жетмейинче Газадагы согушту токтотпойт
Жаңылыктар түрмөгү
0