Жаңы жобо. Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДактилоскопия. Архивдик сүрөт
Дактилоскопия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
ТИМ каттоодон баш тарткандар административдик жаза тартып өлкө аймагынан чыгарыларын белгиледи.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Казакстанда "Манжа изи жана геномдук каттоо жөнүндө" мыйзамынын манжа изин каттоого тиешелүү жоболору күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти.
"2024-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттатууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Бул жол-жободон өтүү Казакстанда жүрүүгө керектүү төмөнкү документтерди даярдоо үчүн милдеттүү болуп саналат:
Казакстан Республикасында туруктуу жашоого уруксат;
чет өлкөлүк жарандын Казакстан Республикасында жашоого уруксаты;
жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
убактылуу жашоого уруксат;
Казакстан Республикасынын визасы (башында Казакстан Республикасынын аймагында алынган жана узартылган);
баш паанек издеген адамдын күбөлүгү;
качкындын күбөлүгү;
качкындын жол жүрүү документи.
Өлкөдөн чыгарылууга тийиш болгон же Казакстан Республикасы тарабынан ратификацияланган реадмиссия жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык келген адамдар да дактилоскопиялык каттоодон өтүүгө тийиш.
"Манжа изин каттоодон өткөрүүдө чет өлкөлүктөрдүн же жарандыгы жок адамдардын өздүгүн тастыктоочу документи, ал эми ал жок болгон учурда өздүгүн тастыктаган күбөлүгү жана дакторегистрацияга жолдомосу болушу керек", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ каттоодон баш тарткандар административдик жаза тартып өлкө аймагынан чыгарыларын эскертти.
Дактилоскопиялык каттоо миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Россиянын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Россия паспортун кайсы кесиптин ээлери жеңилдетилген шартта ала алат? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0