Россия паспортун кайсы кесиптин ээлери жеңилдетилген шартта ала алат? Тизме

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоссиянын паспорту. Архивдик сүрөт
Россиянын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
Эмгек министрлиги тизмени кайсы кадрлар жетишпей жатканын карап кеңейткен.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россия жарандыгын жеңилдетилген шартта ала турган кесиптердин тизмеси жаңыланып, ал 15-декабрдан тарта күчүнө кирет. Өзгөрүүлөр тууралуу РУДНдин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский "Прайм" агенттигине айтып берген.
Анын маалыматы боюнча, Эмгек министрлиги тизмени кайсы кадр жетишпей жатканын карап кеңейткен. Мында педагогдор, медиктер, айыл чарба жана азык-түлүк өнөр жайынын кызматкерлери тууралуу кеп болууда. Жаңы тизмеге геологиялык чалгындоо, курулуш жана кайра иштетүү тармагы, ошондой эле IТ-кесиптер кирген.
Муктаждык аз болгон кесиптер тизмеден алынды. Алардын катарында жогорку квалификацияны талап кылбаган жумушчулар бар.
"Чет элдиктердин РФ жарандыгын алуусуна жеңилдик берген кесиптердин тизмесинин өзгөрүшү экономикалык алкактан алып караганда миграциялык агымды оптималдаштыруу жана жөнгө салууга аракет болуп саналат", — деди Гиринский.
Смартфон менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Эмгек министрлиги иш издеп жүргөндөргө керектүү тиркемелерди сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0