Бишкектин чок ортосунда 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк жарманкесинде сатылып жаткан айыл-чарба продукциялары. Архивдик сүрөт
Азык-түлүк жарманкесинде сатылып жаткан айыл-чарба продукциялары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Борбор калаада бүгүндөн баштап 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал "Ала-Тоо" аянтынын жака-белиндеги Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дөн 17:00гө чейин болот.
Иш-чараны уюштуруунун максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат ала алат.
Сүт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Кыргызстандын сүтүнө кайсы өлкөлөрдө суроо-талап күч? Министрликтин маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0