Кыргызстандын сүтүнө кайсы өлкөлөрдө суроо-талап күч? Министрликтин маалыматы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСүт. Архивдик сүрөт
Сүт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Айыл чарба министринин орун басары Кыргызстандын ички керектөөсү да өсүп жатканын айтып өттү.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт продукциясы тышкы рынокто жакшы сатылууда. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Маил Алияскаров билдирди.
Ал Чүй облусунда сүт, Нарын менен Ысык-Көлдө эт өндүрүүнү илгерилетүүгө арналган инвестициялык форумда сүйлөгөн. Иш-чара БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Кыгызстандын Айыл чарба министрлиги жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду.
Министрдин орун басарынын айтымында, сүт өндүрүүнүн көлөмү өсүп жатат.
"Сүт тармагынын потенциалы чоң. Кыргызстандын өзүндө да, тыш жакта да, өзгөчө Казакстан, Өзбекстан менен Россияда жакшы сатылып жатат", — деди Алияскаров.
Ал үч облуста сүт менен этти өндүрүүнү илгерилетүүгө арналган инвестициялык форум экономикалык жактан эле пайдалуу болбостон, ушу тапта абдан актуалдуу да болуп жатканын белгиледи. Климаттын өзгөрүп жаткан шартында азык-түлүк коопсуздугунун кепилдигин колдоонун мааниси барган сайын артып барат.
"Министрлер кабинети РКӨФ менен биргеликте Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна кайрылган. Уюмдун эксперттери тренингдердин сериясын, агрокластерлерди түзүүнүн эл аралык алдыңкы тажрыйбалары камтылган документти, ошондой эле агрокластерлерди түзүүдө жетекчиликке ала турган эреже-тартиптерди иштеп чыгышты", — деди Алияскаров.
Агрокластер — кызыкчыгына карап иш алып барган өнөктөштөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн, болбосо агроишканалардын бирикмеси. Алар айыл чарбанын бир тармагы менен алек болуп, ар кыл маселелерди жалпы чечишет. Өндүрүштү өстүрүп, продукциянын сатылышына өбөлгө болчу кластердик саясат негизинен чакан чарбасы бар фермерлер же агробизнес үчүн ыңгайлуу.
Тигүүчү цех. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Кыргызстан канткенде ЕАЭБдин тигүү бренди боло алат. Эки шарты айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0