Израилдин премьери: өлкө максатына жетмейинче Газадагы согушту токтотпойт

© AFP / MENAHEM KAHANAИзраилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Архив
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
Нетаньяху Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө "АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги позициясы үчүн" ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү Газа тилкесиндеги аскердик операция бардык максаттарга жеткенге чейин уланарын тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости өкмөт башчынын кеңсесине шилтеме берип жазды
Нетаньяху президент Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө "АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги позициясы үчүн" ыраазычылыгын билдиргени белгилүү болгон.
"Премьер-министр Нетаньяху Израиль бардык максаттарына жетмейинче согушту уланта турганын ачык айтты", — деп билдирди канцелярия.
Коопсуздук кеңеши жума күнү анклавга гуманитардык жардам жеткирүүнү кеңейтүү боюнча резолюция кабыл алган. Бирок согушту токтотууга үндөгөн Россиянын чакырыгын оңдогонго аракет кылган АКШнын позициясынан улам колдогон эмес.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 20 миң кишиге жеткени, 52,5 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
ХАМАС башында Газа тилкесинде 200-250 туткун бар экенин маалымдаган. Израиль бийлиги менен элдешүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын колунда израилдик 126, чет элдик 11 киши калганын, уурдалган 110 адам бошотулганын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Газа тилкесинде жабыркагандарды ооруканага алып кетип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Палестина элчиси: АКШ Газадагы кылмыштарды Израиль менен кошо жасап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0